Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Британия Улуттар уюмунун баш катчысынын айыптоолорун четке какты


ЛОНДОН. Британиянын тышкы иштер министри Жэк Строу Кофи Аннандын Ирактагы мунай аткесчилиги Британия менен АКШнын үн катпаган макулдугу менен орун алган деген кинеесин четке какты. Бейшемби күнү:
Багдад мунай аткесчилигинен мыйзамсыз киреше алып турган жана бул окуялар АКШ менен Британиянын катаң көзөмөлү учурунда орун алган. Вашингтон менен Лондон учурунда бул контробандага бөгөт койуулары мүмкүн эле, анткени алар Иракта болуп жаткан кыймылдын баарын абадан көзөмөлдөп турушчу. Бирок алар бул окуяга көз жуумуп койушкан, анткени мунай алар менен шериктеш Түркия менен Иорданияга жеткирилип турган эле,- деди Аннан.
Кечээ АКШда Бириккен Улуттар уюмунун "Мунай үчүн азык түлүк" программасынын ишке ашырылышына байланыштуу үч бизнесменге айып тагылды. Ал үчөө Хусейиндин өнөктөрүнө миллиондогон доллар пара берген деп айыпталууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG