Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Бишкекте Бермет Акаеванын парламентке кайтып келүүсүнө каршы митинг өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Бермет Акаеванын Парламентке кайтып келишине каршылык билдирген митинг болуп өттү. Парламенттин имаратынын алдына топтолгон 500 дөн ашык киши Акаевага парламенттен орун берилбесин, деп талап кылып жатышты. Мыйзамгерлерден жооп болбогон соң демонстранттар Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө аракеттеништи, натыйжада алардын жолун тоскон милиция менен демонстранттардын ортосунда муш койушуу болду. Ачууланган демонстранттар аягында экспрезидент Аскар Акевдин кызынын келишине огожо болгон, деген айып менен парламенттин спикери Өмүрбек Текебаевдин да кетишин талап кылып, ураан чакырышты.
Көптөгөн мыйзам бузуулар менен өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо жеңип чыккан Бермет Акаева бейшемби күнү парламенттин сессиясына келген. Акаева депутаттык мандатын март айында, элдик революциянын жуп алдында алган. Парламенттин спикери Өмүрбек Текебаев Акаева депутаттык ант бере элек болгондуктан, парламенттин ишине катыша албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG