Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

ТЕМИР ЖОЛ БАШКАРМАЛЫГЫНДА ДА КЫЗМАТ ТАЛАШ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мурда бугуп, туура чечилбей келген чоң-кичине маселелердин, ар кандай талаш-тартыштардын баары 24-марттан кийин ачыккка чыгып көтөрүлө баштады. Мындай талаш тартыштардын бири азыр темир жол башкармалыгында да болуп жатат. Темир жолчулар эки жаат болуп, башкармалыктын башкы кызмат орунун талашууда.

Кыргызстандын темир жол башкармалыгынын кесиптик биримдигинин төрагасы Эрнист Докенов журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, өз сөзүн ишкананын абалынын оордугунан баштады:

-Азыр темир жолдун абалы оор. Бул маселе бүгүн эле же революция болгон 24-мартта эле чыга калган жок. Биз бул маселени 5 жылдан бери көтөрүп келебиз-деди Энист Докенов.

Ал темир жолдун жабдууларынын баары эскирип бүткөнүн, башкармалыктын мурдагы жетекчиси депутат Иса Өмүркулов ишкананын каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланып, темир жолду ушу абалга жеткиргенин айтты. Кесиптик биримдиктин төрагасы иштегенине эки эле ай болгон Нариман Тулеевди да бул үчүн күнөөлөдү.

Эрнист Докеновдун айтымында, Нариман Тулеев Айдар Акаевдин жардамы менен бул кызматка отурган. Ал Тулеев мурда «Темир» мамлекеттик ишканасында иштегенин эскертип, кызмат абалынан пайдаланып, Казакстан аркылуу Кытайга вагондоп темир-тезек жөнөтүп жатканын билдирет.

Нариман Тулеев менен сүйлөшсөк, ал Айдар Акаевдин жардамы менен кызматка келгенин танды. Бирок ал башкармалыктын абалы оор экенин, анын азыр 1 млрд сом карызы бар экенин моюнга алат. Жаңы жетекчи бул Иса Өмүркуловдун жана ага чейинкилердин тушунда болгонун, өзү аны оңоого аракет кылып жатканын айтат:

-Мен келгенде баарына акча жетчү экен да, темир жолдун өзүнүн акчасы жок экен. Азыр мен баарынын акчасын токтотуп салдым. Темир жолдун акчасы татынакай иштеп жатат. Жумушчулар 4 айдан бери айлык ала элек экен. 19-февралда келгем. Азыр эки ай болуп калды. Эки айда 3,5 айдын эмгек акысын бердим. Бул темир жол башкармалыгынын тарыхында болгон эмес. Азыр март айынын айлыгын алып жатышат. Бул, эмне, мен жаман иштегенден болуп жатабы?- дейт-Нариман Тулеев.

Эрнист Докенов өз пресс-конференциясын темир жолдун авалына элдин көңүлүн буруу үчүн эмес, Иса Өмүркуловду күнөлөш үчүн эмес, Тулеевге гана каршы өткөрүп жатканы анын 24-мартты көп кеп кылганынан жана темир жол кызматкерлери Малабаевди башчылыкка коюуну колдойт деп айтканынан билинип турду.

Ал Тулеевди минингчилерге каршы провакация уюштурганы үчүн да айыптады. Анын айтымында, 22-мартта башкармалыкка митинг учурунда уруш чыгарыш үчүн ар кайсы жерден адамдар алып келинип, алар темир жол кызматкерлери менен бирге 23-24–мартта митинг болгон аянтка кое берилген:

-Аскердик кароолдун башчысы Мамбетов тарабынан аларга так милдет коюлган. «Силерди жеткиришет. Силердин милдетиңер-силер уруш чыгарып, элге аралашып кетесиңер. Калган иш милицияныкы болот. Тынчтык демонстрацияны мыйзам боюнча биз тарата албайбыз. Эгерде баш аламандык болсо, милиция күч колдонгонго акылуу» дешкен –деди Эрнист Докенов.

Анын айтымында, бул адамдардын саны 6-7 автобус толо болуп, аларга бекер тамак жана 200 сомдон акча берилген.

Нариман Тулеев болсо муну танбайт. Бирок ал буга мурдагы бийлик мажбур кылганын белгилейт:

-20-марттан баштап эле Акүй баарыбыздын жаныбызды койгон эмес. Жеке эле мени эмес. Элдин баарын митингге чыгаргыла деп, укпагандын баарын чекесинен жумуштан алып кирген. Элдин баары эле ошол жерде жүрбөдү беле. Мисалы 24-мартта мен өзүм барып карап турдум. Ал күнү 1000 милиционерлерди граждандык кийим кийинтип, алып келишти. Теңтуш балдарды көрдүм. Эмне жүрөсүңөр десем, митингге айдап келишти дешти.Эки жарым миңдей киши чыгардык деп энергетиктер жүрүшкөн. Аларды эмне жазбайт? Бажыкана кызматкерлери жүрүшкөн. 1000дей бажыкана кызматкери жүргөн ошол жерде. Ошол жерде 5-6 миң киши көктүстүү кол белги тагынып жүрүшкөн. Билесиңерби ошону. Революционерлер кызыл кол белги менен келишсе, бизге көк кол белги берип, баарыбызды кубалап чыккан ал жерге. Мен тырышып отуруп болгону 30 адам бергем. Менин бир автобусум болсо, ошол жерде 70-80 автобус турган. Мен митингге киши бербесем, мени жумуштан алып салмак. Мен 30 кишини мушташсын деп бериптирминби. Тынчтык митинг дегенден бергем. Ак шапкечендер деп жатышат. Калп айтсам, балдарымдын боорун жеп калайын, менин адарга тиешем жок –деди Нариман Тулеев.

Нариман Тулеев кесиптик кошуун комитетинин бир ай мурда чыгарган баракчасын көргөздү. Бир ай эле мурда Эрнист Докенов Нариман Тулеевге «акча эсептегенди билген чарбачыл адам», «темир жолдо тартип орнотуу анын колунан келет», «биз муну 4 жыл күткөнбүз» деп көтөрө чалган мүнөздөмө бериптир.

XS
SM
MD
LG