Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

ЖАҢЫ ӨКМӨТ СОТ СИСТЕМАСЫН РЕФОРМАЛООНУ КӨЗДӨЙТ


Кыргызстандын жаңы өкмөтү өлкөнүн сот органдарын тезинен реформалоону алдыга милдет кылып койду. Бул тууралуу премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 15-апрелде Жогорку Кеңештин сессиясында билдирди.

Кыргызстандын сот системасына өлкө калкынын 80 пайызы ишенбей калгандыгын экс-президент Аскар Акаев 90-жылдардын ортосунда соттордун биринчи курултайында эле айткан. Аны менен карапайым калк арасында бул тармакта кескин өзгөрүүлөр болот го деген үмүттү жараткан.

Бирок, тармакты реформалоо милдети сөз бойдон калган. Ушундан улам парламенттик шайлоодон кийин нааразы болгон эл соттордун да кызматтан кетишин талап кылышты.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев жума күнү парламентте:

-Сот системасын реформалоо боюнча тезинен чара көрүү керек. Судьяларды шайлоо принцибине өткөрүү зарыл.-деп, тармакты реформалоо милдетин алдыга койду.

Президенттин милдетин аткаруучунун мындай билдирүүсү коомдо жактыруу менен кабыл алынган менен анын ишке ашаарына зор күмөн саноо дароо пайда болду.

Ички иштер тармагынын адиси Шамшыбек Мамыровдун айтымында, буга системаны реформалоо керек деп мурдатан эле айтылган милдеттин ишке ашпагандыгы башкы себеп:

-Башкы себеп-айтылган сөздү аткарууга мыйзамдык негиз жана көзөмөл болгон жок. Ар бир сөздүн артында такталган жыйынтыктуу иш жана ага мыйзам чегинде негиз берген көмөк болуш керек да. Айтып-айтып жүрүп, акыры эмне болуп бүткөндүгүн баарыбыз жакшы билебиз...

Сот тармагы боюнча мыкты адистердин бири Любовь Иванова болсо системаны өзгөртүү милдетинин ишке ашышы азыркы бийликтин эркине көз каранды деген ойдо:

- Мунун бардыгы азыркы бийликтин эрки менен байланыштуу. Сөз жүзүндө бардык нерсени айтып койсо болот,бирок, аны ишке ашырууга эрки жетеби, аны чындап каалап жатабы, кеп ушунда. Мисалы, мен өкмөттүн сот системасын реформалоо жөнүндөгү программасын азырынча көргөн жерим жок. Атайын программанын алкагында жалгыз гана өкмөт эмес бийликтин бардык бутактары,биринчи кезекте Жогорку Кеңеш сот мыйзамдарды кабыл алышы керек. Анда сот системасы президент менен өкмөткө көз каранды болбогондой негиз камтылыш керек. Антпесе, айтылган боюнча сөз бойдон кала берет.

Чын-чынына келгенде азыр сот системасын реформалап, өкмөт башчы айткандай аны элдик сотко айландыруунун жолу азырынча белгисиз. Карапайым калктын көпчүлүк өкүлдөрү соттор материалдык жактан көз каранды эмес болууга тийиш, ошон үчүн эң ириде алардын маянасын жогорулатуу зарыл деп жатышат.

Ал эми юрист Шамшыбек Мамыров буга чейин соттор бийликке көз каранды болчу, ошон үчүн сотторду саясатка аралаштырбоо чарасын көрүү керек деген пикирде:

- Ушул эки айдын ичинде соттор мурда кандай чечим чыгарып келгендигин жана азыр кандай чечим чыгарып келгендигин өзүбүз көрүп жатпайбызбы! Демек,кандайдыр бир деңгээлде сот саясий кырдаалдын таасиринде калып жатат.

Анткен менен укук коргоо тармагынын адистери сот системасын чындап кайра түзүүнүн жолун издей башташты. Конституциялык Соттун судьясы Марат Кайыповдун баамында, өкмөт башчынын оюн ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте төмөнкүдөй аракеттерди көрүү зарыл:

- Кыргыз республикасында сот адилеттүүлүгүн алып барганга өлкөнүн элин катыштырыш керек. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып, бир гана Кыргызстанда жалгыз судья жөнөкөй айыппул салуудан баштап атууга чейинки өкүмдү чыгарат. Мындай тажрыйба башка бир дагы мамлекетте жок. Биз же присяждык сот отурумуна катышкан соттук заседатель дейбизби же элдик заседатель дейбизби, айтор, кесипкөй адис эмес президент дайындабаган, эл шайлаган элдин өкүлдөрү сот адилеттүүлүгүн алып барыш керек. Бул эң биринчи кадам болуш керек. Ошондо сотко эл эшенет. Себеби, адилеттүүлүк сезими бар, ошол райондо же шаарда жашаган адам сот имаратында сот ишин алып барып жатса элдин ишеничи пайда болот.

Марат Кайыпов андан кийин судьялардын маянасын кескин жогорулатып, ага жараша жоопкерчиликти күчөтүү зарыл деген ойдо. Анын ою боюнча, андан кийинки дагы бир жол – судьялардын мөөнөтсүз мезгилге иштөөсүнө укук берүү. Ошондо судья өзүн дайындаган мамлекеттик органга же бир адамга көз каранды болбойт:

- Ар бир судья мөөнөтсүз дайындалып же шайланып, анан адилет иштесе пенсияга чейин иштегенге мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Мына ушул негизги шарттар аткарылмайынча сот системасы көз каранды болгону болгон.
XS
SM
MD
LG