Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

Жалалабатта бүгүнкү кырдаал боюнча “тегерек үстөл” өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Жыйында өлкөдөгү соңку кырдаал жана андан чыгуунун жол-жоболору, басма сөз жана укук эркиндиктери талкууланды. Аскар Акаевдин бийлиги учурундагы шайланган азыркы парламентти таркатуу, жер-жерлерге бөлүнбөө, экономиканы чыңдап, эмгек акы, пособие, пенсияларды көбөйтүү зарылдыгы белгиленди. Президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылуу менен 4-мартта башталган митингдердин салымы зор болгону эскерилип, жаңы бийликке кадр саясатын туура жүргүзүп, экономиканы чыңдоо, коррупцияга жол бербей таза иштөө сунуштары айтылды. Талкуунун соңунда облусту цензурадан эркин мыйзамдуулуктун аймагы деп жарыялоо, губернатордун алдындагы коомдук кеңешти укук коргоо уюмдарын көзөмөлдөөчү адам укугу боюнча комиссияга айландырып, облустук гезиттерди бийликтин таасиринен бошотуу жөнүндө кайрылуу кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG