Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

«Кыргыз почтасы» ишканасы премьер-министрге кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Өлкөнүн транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын профсоюздук комитети президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Кайрылуу ээлери аталган ишкананын башкы деректери Сагын Жумагулов транспорт министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Ишенбай Кадырбеков тарабынан негизсиз, саясий себептер менен кызматынан четтетилди деп жазышкан. Алардын маалыматына караганда, Сагынбек Жумагулов ишкананы банкроттук абалдан чыгарууга чоң салымын кошкон. Кайрылууда белгиленгендей, кадрларды дайындоодо алардын адистигине башкы көңүл бурулууга тийиш. Учурда «Кыргыз почтасы» ишканасынын башкы деректеринин милдеттерин башкы деректир орун басары Валентина Огурцова аткарууда.

XS
SM
MD
LG