Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Жер маселесинде чиновниктердин коррупциясы бар


БИШКЕК. Бишкектин чет жакаларындагы жана Чүй облусунун Сокулук, Аламүдүн районундагы бош жерлерди ээлеп алгандар менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, тиешелүү мекемелердин жетекчилери, бийлик өкүлдөрү алгылыктуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй жатат. Баарын премьер-министр Курманбек Бакиев чечет дешип шылтоолоп, ал эми Бакиевге жалган маалыматтарды жеткирип, элдин кыжырын келтирүүдө. Жер маселесинде чиновниктердин коррупциясы бар. Бул тууралуу “Атуулдар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова 16-мартта “Азаттык” үналгысына билдирди. Анын айтымында, Аламүдүн районундагы “Алатоо” совхозуна байланыштуу жерлерди 21 миң, Сокулук районундагы Ак өргөө конушундагы жерлерди 15 миң адам басып алган. Ал эми Маевка айылындагы жер басып алган 450 адам үй-жайы жок көп жылдан бери шаардын таштанды төккөн жеринде жашагандар. Бүгүнкү күндө Бишкектин айланасынан 50 миңден ашуун адам үй салганга жер алууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG