Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

Акаев режимине каршы чыккан оппозициячыл «Атажурт» саясий кыймылынын теңтөрайымы, учурда Тышкы иштер министринин милдетин аткарып жаткан Роза Отунбаева менен маектин биринчи бөлүгүн сунуштайбыз. Бул маекте Отунбаева айым «Азаттыктын» Кыргызстандын тышкы саясатына байланышкан суроолоруна жооп берди.

- Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу катары Роза Отунбаева ишин эмнеден баштады?

- Бул министрликке министр катары төртүнчү жолу келип атам. Жамаатты жакшы эле тааныйм. Келип, балдар менен жолугуп, алдыга чоң-чоң максаттарды койдук. Тышкы иштер министрлигинен бардыгы эмнени күтөт? Ириде жакын кошуналар жана стратегиялык өнөктөштөр менен кандай катнаш күтөт дешет. Айрыкча чет өлкөлөрдөн бизге буга чейин мынчалык көңүл бурулган эмес. Ошолордун баары келип, бизден эмне деген революция болду, багытыңар кандай болот деп, тышкы, ички иштер боюнча көп суроолор болуп, биз күн кур калбай пресс-конференция өткөрүп жаттык.

- Өлкөнүн тышкы саясатында жаңы өкмөт көздөгөн артыкчылыктуу багыттар кайсылар болот?

- Мен бир нерсени адегенде айтып коеюн, бул тышкы саясат абдан консервативдүү нерсе. Ички саясатта чоң өзгөрүүлөр боло берет. Бирок, ошондо да тышкы саясат көп өзгөрбөйт. Көп мамлекеттерде ошондой. Ичинде төнкөрүш болобу же бир партия келеби, экинчиси келеби же радикалдык башка күчтөр келеби, көп өзгөрбөйт. Тышкы саясат ошо бойдон тура берет. Бизде деле ошондой болуп атат. Мына 15 жылдын ичинде негизги саясат иштелип чыккан, ага биз да салым кошконбуз. Анын баарын Акаевдин саясаты деп айтканга болбойт. Жамааттын, дипломаттардын салымы менен иштелип чыккан. Орусия стратегиялык өнөктөшүбүз, досубуз, союздашыбыз болуп эсептелет. Ошондой эле жакын кошуналарыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен дайыма боордош, кошуна дос, өнөктөш катары өзүбүздүн катнаштарыбызды кеңейтебиз, тереңдетебиз. Булардын баары менен келишимдерибиз бар. Ошондой эле Кытай менен миң чакырымдык чегарабыз бар. Кытай азыр дүркүрөп өсүп келаткан эң эле чоң мамлекет. Кытай менен биздин азыр экономика, саясат жагында болобу, биз Шанхай кызматташтык уюмунда бирге болуп атабыз. Булардын баары менен өзүбүздүн мамилебизди өркүндөтө беребиз. Биздин багыттарыбыз, азимуттарыбыз ошо бойдон кала берет. Бирок, сөзсүз өзгөчөлүктөр болот. Мисалы, кечээ парламентте депутаттар өздөрүнүн каалоолорун айтышты. Ошолордун арасында алар айтып атышат, мына араб мамлекеттери менен өз катнашыбызды күчөтүшүбүз керек деп. Биз сөзсүз мындай сунуштарды көңүл бурабыз. Бизден, жаңы күчтөн, жаңы өкмөттөн эмнени күтүп атат? Элдин турмуш деңгээли өзгөрүшү керек. Ошондуктан, негизи – инвестиция. Ушу Кыргызстанда биз жумушчу орундарды түзүшүбүз керек. Жардам сурай бергенден биз баш тартышыбыз керек. Биз азыр өзүбүз иштешибиз керек. 15 жылдын ичинде мурунку өкмөт Кыргызстанды оорукана палатасына айлантып койду. Ошондон биз башыбызды тартып, күчүбүз бар, алыбыз бар, башыбыз бар, эки колубуз, эки бутубуз бар. Демек, иштешибиз керек. Мына, Кытайда деле 1 миллиард 300 миллион эл. Ошонун баары эле жыргап жашап жаткан жок. Бирок, булар эч кимден эчтеке сурабай эле өзүнө ишенет. Адеп эле гумжардам деп отурсак ушундай деңгээлге жетээрибиз далилденди.

- Жакында Сизди АКШ мамлекеттик катчысы Кондализа Райс менен телефон аркылуу сүйлөштү деп уктук. Кошмо Штаттар менен азыр мындан аркы кызматташтык жөнүндө кандай маселелер көтөрүлүп атат?

- Мен муну айтып коеюн дедим эле, бу биздин ыңкылаптан кийин жаңы кырдаал пайда болбодубу. Мына мамлекет башчыбыз качып кетти. Жаңы бийлик келип, жаңы өкмөттү парламент бекитти. Эми ошондо да чет элдиктер бизди кандай кабыл алат деген ой болот экен. Биринчи болуп Орусиянын президенти Владимир Путинден абдан жылуу сөздөр пайда болду. Ал Кыргызстанда 24-марттын жыйынтыгында жаңы күчтөр келди, алар Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда көп салым жасаган адамдар деп белгиледи. Андан кийин эле биздин кошуналарыбыз, башка өнөктөштөрүбүз ошол замат пикирлерин билдире баштады. Өзүңүз айткандай, доктор Райс, Американын тышкы иштер министри,ошондой эле Кытайдын, Казакстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери чалды. Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча жогорку өкүлү Ховьер Солана чалды, Ферера Валднер айым чалды, НАТОдон чалды. Шанхай кызматташык уюмунун аткаруучу катчысы Жан де Гуан мырза келип кетти. Көп мамлекеттер бизге кол сунушту. Биз үчүн бул абдан чоң моралдык жардам. Кондализа Райс бул кыйынчылыктардан чыгып кетишиңерге ишенебиз, Кыргызстанда демократия өнүгүшү үчүн көп аракет жасайбыз деп айтты. Менин билишимче, ал киши 9-майда Москвада болот. Менин ишенимимде, президенттин милдетин аткарып жаткан премьер министр Курманбек Бакиев менен ал жолугушу мүмкүн. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд келип кетти. Демек, Америка бизди негизинен колдоп атат. Америка бизге демократияны өнүктүргөнгө, экономиканы рынокко алып барганга чоң жардам беребиз деп убада кылып атат. Бирок, бизден көп нерсе көз каранды. Биз өзүбүз демократиядан баш тартпайбыз, рынокту өнүктүрөбүз, менчикти кайра тартып алуу болбойт, жеке менчикти сактайбыз, ортоңку, чоң капиталдарды өнүктүрөбүз деген белгилерди биз беришибиз керек.

- АКШ менен Орусиянын Кыргызстандагы кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун сактоо үчүн Кыргызстан кандай камылгаларды көрөт?

- АКШнын да, Орусиянын да Кыргызстанда стратегиялык кызыкчылыктары сөзсүз бар. Анткени, Кыргызстандын Азиядагы географиялык жактан геостратегиялык абалы маанилүү. Өзүңүздөр билесиздер, Кыргызстанда америкалык жана россиялык эки база бар. Биз буларды текшерүүгө эч жол бербейбиз. Канттагы Орусиянын базасы бул Жаамааттык кооппсуздук келишими уюмунун аймактык тармагынын башкы чекиттеринин бири. Бул маанилүү, Кыргызстандын эл аралык терроризм, наркотрафик өңдүү эл аралык коркунучтарга каршы турушунда өтө маанилүү. Бул Кыргызстан үчүн эле эмес, регион үчүн керек. Ал эми Американын Ганси базасы Ооганстанда болуп жаткан окуяларга жараша түзүлгөн база. Ошондуктан, Ооганстандагы кырдаал калыпка түшмөйүнчө бул база болуп турат. Биз жаңы бийлик эки чоң базанын турушуна азыр эч шек келтирбейбиз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG