Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

МУШАРРАФТЫН “КРИКЕТ” ДИПЛОМАТИЯСЫ


Ишемби күнү Пакистан президентинин Индиядагы визити башталды. Первез Мушаррафтын үч күндүк сапар маалында премьер-министр Манмохан Синг менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт,негизинен Кашмир проблемасы талкууланат. Мушарраф ошондой эле жекшемби күнү крикет боюнча Пакистан менен Индия командаларынын оюнун көрөт.

Байкоочулар Первез Мушаррафтын бул сапарын дароо эле “крикет дипломатиясы” деп аташты. Пакистан президенти төрт жылдан бери Индияда боло элек эле, бу жолку визит жекшемби күнү Делиде өтө турган крикет оюну боюнча эки өлкөнүн курама командаларынын мелдешине шылтоолоп уюштурулду.

Бирок Исламабадда өлкөнүн маалымат министри ырастагандай, Мушарраф кантсе да саясий маселелерге көңүл бурат. Алардын ичинде,арийне,Кашмир проблемасы башкы орунда болмокчу.

Кашмирдин айынан тутанган куралдуу кагылыштарда соңку он беш жылдай мезгилде бери эле дегенде 40 миңдей адам кырылды, бир нече курдай согуш чыкты.

Акыркы кезде тараптардын мамилеси биртке болсо да жылымтыктай баштады. Мушаррафтын айтымында,сүйлөшүүлөр үчүн мындай ыңтайлуу учурдун удулу мурда дегеле болгон эмес.

Жакында эле Кашмирдин Индияга жана Пакистанга караган тараптары ортосунда жарым кылымдан бери биринчи ирет автобус каттамы ачылды. Мындан тышкары Ирандан же Катардан, ошондой эле Түркмөнстандан Пакистан аркылуу Индияга газ куурун тартып өтүүнү көздөгөн долбоорлор каралып жатат. Ушул жана башка факторлор тараптардан Кашмирдин талашын чечүүнү талап кылууда.

Эгер бул маселенин түйүнү жандырылбаса,эки өлкөнүн ортосундагы ишенимди чыңдоонун башка бардык чаралары майнап бербейт, деп эсептейт Мушарраф. Менин илгери үмүтүм бар,- деп айтты ал, - эмнеге дегенде премьер-министр Манмахон Синг чын ыкыластуу адам, бул талашты тамам кылууну каалайт. Эгер эки тараптан жетекчилик буга чындап кызыкдар болсо, иште ийигилик болору калетсиз, деп билдирди Мушарраф.

Сринагардын тургундары да ушундай ойдо. Алардын бири айткандай, Мушарраф менен сүйлөшүүлөрдүн арты Кашмирдин чатагын чечкенге жол ачышы керек, калба-кагылышты эч ким каалабайт,Кашмирдин калкы уруштан жадап бүттү.

Экинчи бир тургун элдин үмүтү чоң экенин айтып, Мушаррафтын Индияга барганы дурус болду, эки тарап таңашып-талкуулап чыгышса, Кашмирдин талашы чечилбейт койбойт, деп билдирди.

Кашмирдеги мусулман сепаратисттеринин лидери Сайед Салахуддин эгер Дели чын ниеттүү ыкыласын көрсөтсө, сүйлөшүүлөргө козголоңчулар да кошулганга даяр экенин ырастады.

XS
SM
MD
LG