Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Оштогу ири көчөлөрдүн бирине Апсамат Масалиевдин аты берилди


ОШ. Ош шаарындагы Кыргызстан көчөсүнө көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Апсамат Масалиевдин атын ыйгаруу сунушу өткөн жылы киргизилген эле. Бирок, бул маселе эмнегедир кечиктирилип, каралбай келген. Элдик ыңкылаптан кийин атайын комиссия бул демилгени кайрадан көтөрүп, депутаттардын Ош шаардык кеңештин кезектеги сессиясын алып чыкты жана ал депутаттардын толук колдоосуна ээ болду. Ош шаардык кеңешинин депутаттары Кыргызстан көчөсүн “Апсамат Масалиев атындагы көчө” деп жазылган көрнөктөргө алмаштырып, илүү ишин тездетүүнү Ош шаардык мэриясына тапшырды. Ошондой эле Апсамат Масалиевдин ысымын Бишкектеги Киев көчөсүнө ыйгаруу да туура иш болоорун белгилешти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG