Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

ЕККУ жетекчиси Борбор Азияны кыдырат


БИШКЕК. 17-18-апрелде Кыргызстанда Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун азыркы төрагасы, Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупел болот. Ал Бишкекте президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев, тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга Борбор Азия чөлкөмүн кыдыруу алкагында келмекчи.

XS
SM
MD
LG