Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Жер алам дегендердин саны 80 миң болду


БИШКЕК. Бишкектин айланасынан жер алууну каалагандардын саны 80 миң кишиге жетти. Бирок алардын ичинен үй салуу үчүн жерге чындап муктаж болгондор 10 миңге жакын. Бул тууралуу биринчи вице- премьер министрдин милдетин аткаруучу, жер маселеси боюнча өкмөттүк комиссиянын төрагасы Ишенбай Кадырбеков 17-апрелде билдирди. Анын айтымында, жер анык муктаждарга мыйзам чегинде гана бөлүнүп берилет. Ал эми комиссия жер алуучулардын тизмесин тактоо, Бишкекте көп кабат үй салына турган жерлерди иликтеп аныктоонун үстүндө иштеп жатат. Ички иштер министрлигинин жана Бишкек шаардык милиция кызматынын кезметчилери 17-апрелде жер боюнча атуулдар ортосунда араздашуу болбогонун билдиришти.

XS
SM
MD
LG