Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

КЫРГЫЗДЫН ТУНГУЧ ХОР ДИРИЖЕРУ


“Талант тагдыры” аттуу салттуу түрмөгүбүздүн бул жолку чыгарылышы тунгуч хормейстр, профессор, эл артисти Султан Юсуповдун чыгармачылыгына арналат.

1998-жылдын 30-октябры. Кыргызстан композиторлор кошуунунун залында композиторлордун, музыка таануучулардын кезектеги жыйыны болуп калды. Бул чогулушка карыя хор дирижеру жана композитор Султан Юсупов да келип калды.

Жыйын бүткөндөн кийин Султан агай менен бүгүнкү күңдөгү кыргыздын профессионалдык, элдик музыкасынын абалы, көздөрү өтүп кеткен замандаштары, эл артистери Касымаалы Эшимбековдун, Шамшы Түмөнбаевдин, Кыдырбек Чодроновдун, Болот Миңжылкыевдин, композиторлор Мукаш Абдыраевдин, Аскар Түлөевдин чыгармачылыктары, адамдык сапаттары, чеберчиликтери жөнүндө ой бөлүштү.

Анан Султан агайдын кыргыздын профессионалдык музыкасынын босогосун кандайча аттап, кантип батысын хор дүйнөсүнөн таап калганын билиш үчүн микрофон сундум. Ошондо Султан агай:

- Мен опера жана балет театрында иштеп турмуштан өз бактымды таптым деп эсептейм. 1935-жылдан 1938-жылга чейин Фрунзедеги курулуш техникумунда окудум. Эки жыл даярдоодо курсунда окуп, биринчи курста окуп жатканда бир күнү жолдошум Эраалы Имакеев менен опера жана балет театрына барып калдык. Барсак балет тобунда бийлей турган улан-кыздарды алып жатыптыр. Менин максатым эптеп театрга илинүү эле. Комиссиядан өттүм. Буйрук болсо 1938-жылдын 3-мартында чыкты. Эраалы экөөбүз балет тобуна алындык. Балет анча-мынча бийлеп, июль айында театрдын хоруна өтүп кеттим. Себеби менден балеттин артисти чыкпайт эле. Хордо иштеп жүрдүм, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун он күндүгүнө катыштым. Анан хордун жетекчиси “бул баладан келечекте бирдеме чыгат” деп 1940-жылы Москвага окууга жиберди - деген эле Султан агай.

Андан бери арадан жети жыл желип өттү. Өзү болсо өткөн жылы жарык дүйнө менен коштошту. Юсупов Москвадагы П.Чайковский атындагы консерваториянын хордирижер бөлүмүн бүтүрөөрү менен азыркы Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында башкы хормейстер болуп иштейт.

Композиторлор А.Аманбаевдин, С.Германовдун “Айдар менен Айша”, В.Власов, А.Малдыбаев, В.Ференин “Айчүрөк”, “Токтогул”, “Манас”, П.Чайковскийдин “Евгений Онегин”, Ж.Вердинин “Отелло”, “Аида”, Пуччинин “Чио-чио сан”, М.Мусоргскийдин “Борис Годунов” аттуу жана башка опералардагы хорлорду даярдоого коюга жандуу катышат.

Султан Юсупов театрды иштөө менен бирге ордо калаадагы В.Маяковский атындагы кыз-келиндер, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда доцент профессор да болуп иштейт. Ондогон таланттуу жаштарды тарбиялайт.

Ташкендеги М.Ашрафи атындагы консерваториянын хор дирижерлоо бөлүмүн бүтсө да өзүн Султан Юнусовдун шакиртеринин бири катары эсептеген хор дирижеру, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Аманкелди Керимбаев:

- Султан Юсупов өтө жөнөкөй, акылы терең, искусствого өзгөчө эмгек сиңирген адам эле. Өтө адамкерчиликтүү, улууну урматтаган, кичүүнү сыйлаган алтын киши эле. Айрыкча, ал келечек жаштардыкы экен деп, улан, кыздарга көп жардам берүүчү. Кыргызстанда болгон хормейстрлердин баардыгы Султан Юсуповичтин колунан окудук, колунан тарбия алдык десем эч бир жанылбаймын. Өмүрүнүн акырында чейин институт искусстводо, консерваторияда иштеп, сабак берип көптөгөн таланттуу уландарды, кыздарды тарбиялап өстүрүп кетти,– дейт хормейстер Аманкелди Керимбаев.

Таланттуу хордирижеру Султан Юсупов опералардагы, дүйнөлүк, кыргыз композиторлорунун хорлору дирижерлор менен бирге ырларды, хорлорду жана башка чыгармаларды жазат. “Кыз бала экен жылкычы”, “Мекеним” аттуу хорлору алтын казынасына кошулат.

Султан Юсуповдун лирикалык, патриоттук ырларынын ичинен “Тумаржан”, “Кыздын ыры”, “Издеп жүрөм” аттуу ырлары да обондорунун мукамдуулугу, аваздык көркөм боекторунун көп түстүүлүгү менен карапайым угармандардын жүрөктөрүнөн түнөк табат.

Кыргыздын тунгуч хордирижеру, композитору, профессор Султан Юсупов 2004-жылдын сентябрь айында 86 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Бирок, анын жаркын элеси, терең мазмундуу чыгармалары калк жүрөгүндө жашай бермекчи.
XS
SM
MD
LG