Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Ооганстанда мунай танкерлери жардырылды


Өлкөнүн түштүгүндө бомбадан бир танкер жарылганда, өрт катарда турган дагы беш танкерди каптады. Үч айдоочу жараат алды. Кандагар шаарынын аэрпортунда жайгашкан америкалык согуш базасына күйүүчү май жеткирип келген Пакистандык жана оогандык айдоочулар машиналарын токтотуп коюп, ичинде уктап жатышканда бомба жарылды. Америкалык аскерлердин арасында жапа чеккендер болгон жок. Эч ким камакка алына элек, бирок кол салуу талибдердин колунан келди деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG