Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Индия менен Пакистандын жетекчилери сүйлөшүү жүргүзүштү


Пакистандын президенти Первез Мушараф менен Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх тынчтык жараянын алга жылдырууну эки сааттан ашык сүйлөшүштү. Кийин Мушараф сүйлөшүү абдан жагымдуу маанайда өткөндүгүн бышыктады.

Эки жетекчи сооданы кеңейтип, жол жана темир жол байланышын жакшыртууга макулдашышты. Тараптар ошондой эле азыр айына эки ирет жүргөн Кашмирдин индиялык жана пакистандык тарабынын ортосундагы автобус каттамын көбөйтүүгө келишишти. Мындан тышкары декабрга чейин эки ортодо жаңы темир жол каттамы ачыла турган болду.

XS
SM
MD
LG