Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ АГА КАРШЫ ПИКЕТТИ КИМ УЮШТУРУП ЖАТКАНЫН БИЛЕТ


Президенттик шайлоо жакындаганы өкмөт менен парламенттин ортосундагы ачык-тымызын тирешүү күчөй берет окшоп калды. 18-апрелде парламент өкмөт башчынын өлкөдөгү саясий, социалдык-экономикалык жагдай тууралуу маалыматы боюнча токтом кабыл алды. Токтом талкуусу эки бийликтин ортосундагы тиреш күчөп баратканын көрсөткөн окуя болду.

Өкмөт башчы Курманбек Бакиев өткөн апта соңунда парламентке келип өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаал кыйла турукташып калганын белгилеп, аны жакшыртууга жаамы саясий күчтөрдүн катышуусу керектигин ырастаган. Анткен менен, дүйшөмбүдө парламенттеги өкмөт башчынын маалыматы боюнча кабыл алган токтомун талкуулоо андай мамыр-жумур мамиле азырынча сөз жүзүндө гана экенин айгине кылды.

Депутат Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеш имаратынын алдына пикет уюштуруу үчүн кишилерди Жалалабат облус жетекчилиги жөнөтүп жатканын маалымдады. Пикетчилер парламент спикери Ө.Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылууда.

Аны улай парламент спикери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеш имаратынын алдында күн кур эмес пикетте туруп аткандарды кимдер уюштуруп, каржылап жатканын биле тургандыгын айтты:

- Муну ким уюштуруп атканын биз билебиз. Эми алардын уюштурганга акысы бар. Мыйзам боюнча жок дей албайбыз. Бирок, парламентке келип жаңжалдашып, ичине кирип, бул жердин ишин токтотобуз дегендер мыйзам алдында жооп бериши керек. Депутаттар туура айтты, мен Башкы прокурорго расмий түрдө кайрылам. Кимдин офисинен келип атканын, кимден акча алып атканын барпылык эжекелер экен, тогузторолук бир аксакал экен төкпөй-чачпай айтып берип атат. Муну Акүйдүн 7-кабатында олтурган эле адамдар жасап атат. Мен фамилиясын деле коркпой эле айта алам. Бирок айтыш эрте, тергөө көргөзөт.

Спикер ушул эле пикирин танапис учурунда журналисттер алдында да жарыя кылды.

Парламенттин ишине тоскоол болгондорду жаңы өкмөт уюштуруп жатат, ошол себептүү К.Бакиев менен президент акимчиликтин жетекчиси Ү.Сыдыковду Ноокенге чакырып, депутаттык мандатты өткөрүп берүү же бербөө маселесин айылда чечүүгө даяр экенин депутат Дооронбек Садырбаев жарыя кылды.

- Эгерде колуңардан келсе нормалдуу жолдор менен кетиргиле баарыбызды! Колуңардан келбесе, өмүрүндө Садырбаевди тааныбаган адамдарды алып келип, кечирип койгула, Акаевдин администрациясын сындап атабыз, 14 жыл бийлик жүргүзүп атып Акаевдин администрациясы мынчалык наадандыкка, мынчалык примитивге, мынчалык жүзүкаралыкка, эки жүздүүлүккө барган эмес.

Парламент имаратынын алдында болуп аткан иштерге кайдыгер карап, кесиптештеринин укугун коргоого жарай албаган депутаттардын позициясына түшүнбөстүгүн, эгер дагы революция керек болсо баарысы башкача болорун депутат Камчыбек Ташиев айтып чыкты.

- Мына, баарыбыз унчукпай турабыз. Кээ бир депутаттар чыгып алып мени карап алып «дагы бир революционер» чыкты» деп атышат.

Парламенттин ичи-тышында саясий дем-дымактын күчөп кетишине биралдын ушу тапта талкууга салынчу Шайлоо кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору болду шекилдүү. Непадам, ал колдоо таап кабылданса президентке талапкерлердин текши баары ээлеген кызматын таштап, жөнжай адам катары чоң сыноого катышуусу керек. Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Мурза Кулматовдун ырасташынча, жаңы мыйзам долбоору өлкөдөгү кырдаалды кайра курчуткандан башкага жарабайт.

- Эми бул маселе Жогорку Кеңеште каралып «токтосун» десе өлкөнү ким башкарат? Азыр абал азыраак жакшырып баратат десек болот. Биз ойлойбуз, бир он күндөн кийин, жыйырма күндөн кийин мындан да жакшы болот. А эгер бул маселе – депутаттар коюп аткан маселе өтсө анда кайрадан тополоң башталат, кайрадан митингдер башталат, кайрадан чатак башталат.

Шейшембиде парламент жаңы мыйзам долбоорун талкуулай баштайт. Непадам, депутаттар аны кабыл алып койсо президент милдетин аткаруучу жаңы мыйзамга кол коеру да күмөн. Андай болбогон күндө деле парламент өз укугуна салып мыйзамды ишке киргизип иеби? Аны алдыдагы окуялар көрсөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG