Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

КУЛОВ-АТАМБАЕВ БИРИМДИГИ


Россия кыргызстандык белдүү саясатчыларды Москвага чакырып, алар менен жакындан таанышууда. 24-марттагы ыңкылапка чейин орус борборунда Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева болуп келген. Жакында Социал-демократиялык партиянын лидери, президенттикке талапкерлердин бири Алмазбек Атамбаев Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди. Анын айтымында, президенттик шайлоого Атамбаев - Кулов чогуу чыгышмакчы.

Алмаз Атамбаев Москвага Россиянын Мамлекеттик Думасынын жана Федералдык Кеңешинин КМШ өлкөлөрү боюнча комитеттеринин чакыруусу менен барган. Ал жердеги сүйлөшүүлөрдүн мазмуну тууралуу Атамбаев буларды билдирди:

Россия Кыргызстандагы кырдаалга өтө тынчсызданууда. Мен Москвадагы сүйлөшүүдө Кыргызстандагы окуялар орус маалымат каражаттары тарабынан көбүнчө бир жактуу түрдө чагылдырылып жатканын айттым. Маселен, 24-марттагы ыңкылап кутумчулар тарабынан жасалган төңкөрүш катары бааланып көрсөтүлгөн. Мурунку президент Акаев да орус телекөрсөтүүсү аркылуу ал окуяны ушинтип сыпаттаган. Россиялык саясатчылардын тынчсыздануусун түшүнсө болот. Бирок мен сүйлөшүүлөрдө айттым, Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким жеңип чыкпасын баары бир Россия менен кызматташууга артыкчылык бербей койбосун айттым .

Атамбаевдин ырасташынча,Кыргызстандагы кырдаалды курчутуу эски бийликке гана керек. Бирок, жаңы бийликтин айрым өкүлдөрүнүн жасаган иштери жер басып алууга шыкак болду, деп кошумчалады Алмаз Атамбаев. Москвадагы сүйлөшүүлөрдө өзүнүн да президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болгонун белгилеген Атамбаев, бирок эгерде Феликс Кулов шайлоого барса өз талапкерлигин алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап көрөрүн жарыялады. Ал Кулов менен Атамбаев шайлоого эриш-аркак барарын билдирди:

-Биздин тандем Атамбаев-Кулов. Биз Феликс Шаршенбаевичке айтып атабыз, сиз сөзсүз президенттик шайлоого катышууңуз керек деп. Менин шайлоого талапкер катары чыгып жатканымдын себеби кырдаалга байланыштуу. Кырдаал өтө татаал. Куловду сот актаган менен тил комиссиясында оюндар болушу мүмкүн. Андан өткөн менен, ачык айтканда, шайлоого баарыбыз аман-эсен барабызбы? Үсөн Кудайбергеновдон кийин баарын күтсө болот.

Социал-демократиялык партиянын лидеринин айтымында, Кулов же Атамбаев шайлоодо жеңип чыкса-премьер министр кызматытүштүк өкүлүнө берилет. Ал эми Тил комиссиясына токтолгон Атамбаев, комиссия буга чейин бийликтин куралы болуп келгенин, бул жолу андай болбойт деп үмүттөнөрүн билдирди.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева орус маалымат каражаттарына берген маегинде орус бийлиги Украина жана Абхазиядагы окуялардан кийин КМШ аймагында оппозиция, бийлик менен Европа стандартында иштей баштады деп билдирген эле. Бул өңүттөн алганда, аркыл багыттагы кыргыз саясатчыларын Москвага байма-бай чакыра баштаган Кремлдин Кыргызстандагы президенттик шайлоого таасири кандай болот? Бул суроо менен белгилүү журналист Кубан Мамбеталиевге кайрылган элек. Анын жообу мындай болду:

Алардын таасири бар, бирок анча көп эмес. Себеби, Россия эч качан биздин атуулдук сектор менен иштеген эмес. Ал эми биздин ыңкылаптын жарым жүгүн ушул атуулдук сектор көтөрдү. Биздеги миңдеген өкмөттүк эмес уюмдар акырын-акырын, тамчы-тамчы болуп отуруп, ыңкылапка алып келди да.

Анын пикиринде, Россиянын маалымат каражаттарынын Кыргызстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгына кандайдыр бир деңгээлде таасир этиши мүмкүн. Бирок олуттуу эмес. Анткени Москванын Кыргызстанда терең иликтеп иштеген жергиликтүү талдоочулары жана атуулдук коомдо таянычтары жок. Буга караганда, АКШ баш болгон Батыштын бул жерде иштөө тажрыйбасы арбын, деп белгиледи Мамбеталиев.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG