Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

КЫРГЫЗСТАН - КАЗАКСТАН МАМИЛЕСИ ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН


18-апрелде Кыргызстанга Казакстандын энергетика жана минералдык ресурстар боюнча министри Владимир Школьник баштаган өкмөттүк делегация келди. Сапардын жыйынтыгы катары кыргыз-казак өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусунун протоколуна кол коюлду.

Протоколго 10дон ашык маселе киргизилген. Алардын арасында эки өлкөнүн ортосундагы суу-энергетикалык кызматташууну жөнгө салуу, айыл чарба тармагына көмөк көрсөтүү, электр энергиясын сатып алуудан баштап, кен иштетүүгө чейинки маселелер бар. Ал эми сүйлөшүүнүн башкы жыйынтыгы Кыргызстанга азыр абдан зарыл болуп турган күйүүчү май менен камсыз кылуу жана Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Казакстанга газ ташуу боюнча биргелешкен ишкана түзүү чечими болду.

Сүйлөшүү маалында Кыргызстанга канча күйүүчү май керектиги такталып, Казакстан Кыргызстан үчүн күйүүчү майга коюлган чектин көлөмүн 10 миң тоннага чейин көбөйттү. Ал эми газ ташуу боюнча биргелешкен ишкана түзүү жана Кыргызстан аркылуу кеткен газ түтүгүн оңдоо маселеси да чечилип, Казакстан жыл аягына чейин 17 миллион доллар бере турган болду.

Сүйлөшүү маалында казак тарапты бейпайга салган башкы маселе - мурунку бийликтин убагында казак ишкерлеринин колуна өткөн Кыргызстандын ишканаларын өкмөт кайра кайтарып албайт деген убадасын алуу болду. Ал тууралуу кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын Казакстан тараптан теңтөрагасы Владимир Школьник:

-Бизди абдан толкундантып турган маселеге жакшы жооп алдык. Ал Казакстандын ишкерлерине жакшы жагдай түзүлүшү болду. Казакстандын ишкерлеринин өз өнөктөштөрүнүн ишмердиги үчүн салган инвестициялары менен активдери кайра алынбайт. Биз ушундай убаданы алдык. Бул абдан олуттуу маселе.

Анткен менен бир кезде казактандык ишкерлердин колуна өтүп кеткен Канттагы цемент-шифер заводунун азыркы жетекчилиги 15-майга чейин ишкананын келечек ишмердиги жөнүндө кыргыз өкмөтүнө маалымат бере турган болду. Андан тышкары өз өндүрүшүнүн көлөмүн 20 % чейин жогорулатып, жумушчу орундарын көбөйтө тургандыгы маалымдалды. Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, цемент заводунун 67% акциясын мындан эки жыл мурун Казакстандын «Азияцемент» аттуу ишканасы сатып алган. Ага чейин ишкананы ким жана канча акчага сатып алгандыгы белгилүү экендигин баса белгилеген Данияр Үсөнов Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иштей турган казак ишкерлерине бут тосулбай тургандыгын кабарлады. Анын айтымында, экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге байланыштуу ишмердик иликтенип жатат. Ал эми жалпы казак ишкерлери үчүн эшик ачык:

-Казак бизмендер бизге келип кысымга алып жатат деген ой – бул бир адамдын тегерегинде болгон маселе. Ал кыргыздардын жалпы күйөө баласы. Аны четке коюп, бул маселеге башкача карасак, Казакстандын көп ишкерлери бар. Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы 24 банктын төртү казакстандыктардын капиталы менен иштеп жатат. Алар 1 миллиард сомдон ашык акчаны микрокредит үчүн алып келишти. Маселен, банк системасында бир жыл мурун үстөк проценттин көлөмү 38-42 % тегерегинде болгон. Быйыл орто эсеп менен 20% тегерегинде болуп жатат. Бул эмнеден? Акча көп болду, ошон үчүн үстөк проценттин көлөмү ылдыйлады. Ошон үчүн биз аларга эшикти ачып жатабыз. Мына Канттагы цемент-шифер заводун үлгү кылып, тактап туруп баарын ачык айтып бердик. Бааны көтөрбөй, биздин мыйзамдарды сактап жакшы иштеген ишкерлерге биздин эшик ачык. Ал эми биз «жакшы көргөн күйөө баланын» ишмердиги болсо өзүнчө аңгеме.

Казакстандык делегация булардан тышкары Кыргызстанга кандай гуманитардык жардам керек экендигин тактап кетти. Владимир Школьниктин айтымында, ал Казакстандын мамлекет башчысы тарабынан жакын арада чечилет. Андан тышкары Кыргызстанга канча буудай керектиги да такталды жана Казакстан аны коммерциялык баада сатууга ниеттенип жатат.

Тараптар мындан тышкары Өзбекстандан Казакстанга кетип жаткан газды уурдап жаккандыгы үчүн Кыргызстан карыз болгон 16 миллион долларды жоюу жолун иликтөө чечимине келишти. Ал тууралуу Владимир Школьник:

-Биз финансылык кыйын абалды түшүнүп турабыз. Биз ошон үчүн келдик. Биз жалпы отуруп, карыздарды жоюу жолун издеп жатабыз.

Ал эми суу-энергетикалык ресурсту пайдалануу боюнча тараптар төрт тараптуу протокол түзүү бүтүмүнө келишип, аны качан, кантип аткаруу жолдорун да такташты.
XS
SM
MD
LG