Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:44

Студенттер митингге чыгышты


ОШ. 18-апрелде түшкө жуук Ош мамлекеттик университетинин жүзгө жакын студенти имараттын алдына митинг уюштурду. Алар кийинки убакта окуу жайда түзүлгөн кырдаалга карата пикирлерин билдиришип, элге билим берүү министри Досбол Нур уулунун атына он бир бөлүмдөн турган талап коюшту. Ал талаптардын негизгилери: окуу жайдын ректорлугуна студенттердин кызыкчылыгына төп жетекчи дайындап берүү, келишим акынын өлчөмүн жогорулатууга жол бербөө, паракорлукту жоюу. Митингге чыгышкан студенттер менен Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору Ташмамбет Кенесариев жана башка окуу жайдын жетекчи кызматкерлери жолугушуп, алардын койгон талаптарын талкууга алышты. Маселелер жөндүү деген тыянак менен эки сааттан кийин студенттер таркап кетишти. Окуу жайдын атын атабоону суранган бир окутуучусу студенттердин бул митинги ректорлук кызмат үчүн күрөшүп жаткан адам тарабынан таасир көрсөтүү максатында уюштурулгандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG