Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:17

Өзбекстандын ички иштер министрлиги көз карандысыз журналист камакка алынганын ырастады


"Хуррият" аттуу көз карандысыз гезиттин кабарчысы Собиржон Якубов 11-апрелде башка бир катар адамдар менен чогуу камалган. Ага диний экстремисттик уюмдардын ишине катышы бар деген кинээ коюулууда. Бирок калемгердин кесиптештеринин айтымында, ага тагылган айыптар негизсиз. Собиржон Якубов мусулманчылыкка ыктаганы үчүн гана камалып олтурат. Журналист быйыл Меккеге, ажылыкка барып келген. Укук коргоочулардын ырастоосунда, Өзбекстанда диний ишеними бийлик өкүлдөрүнүн шек саноосун жараткандыгы үчүн гана түрмөгө түшкөн мусулмандар миңдеп саналат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG