Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:22

Европа Биримдиги Кипрдин түрк бөлүгүндө жаңы президенттин шайланышын кубаттады


Уюмдун аткаруучу органы - Еврокомиссиянын пикиринде, Мехмет Али Талаттын шайлоодогу ийгилиги Кипрдин түрк жамааты аралдын кайрадан биригүүсүн жана Евробиримдикке толук кошулуусун кааларын көргөзүүдө.

Мунун алдында АКШнын Мамлекеттик департаменти да Кипрдин түрк бөлүгүндөгү шайлоонун жыйынтыгы боюнча ушундай көз карашын билдирген болчу. Кечээги шайлоодо жеңип чыккан Мехмет АлиТалат аралдын грек бөлүгүнүн лидерлерин биригүү боюнча жаңы аракеттерди көрүүгө чакырды.
Ал президенттик кызматта кипрлик түрктөрдүн ардагер лидери Рауф Денкташты алмаштырууда. Денкташ Кипрдин түрктөр жашаган түндүк бөлүгү, гректер жашаган түштүгү менен кошулуусуна каршы болуп келген.

XS
SM
MD
LG