Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Бакыт Аманбаев, Бишкек Шейшембиде Жогорку Кеңеш депутаттары Шайлоо кодексине өзгөртүү-түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоону башташты. Ага ылайык Шайлоо кодексине Жогорку Кеңеш депутаттары жана мамлекет башчы президентик шайлоого катышуу үчүн өз кызматын убактылуу эмес, биротоло тапшырсын деген эреже киргизүү сунушталууда. Шайлоо мыйзамына мындай өзгөртүүнү шашылыш киргизүү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда

Мыйзам долбоору депутат Дооронбек Садырбаев тарабынан даярдалды. Ага ылайык Шайлоо кодексинин 28-беренесиндеги өлкө президенти жана Мыйзам чыгаруу жыйын депутаттары өз ишин таштабай эле шайлоого катышат деген эрежени алып салуу сунушталууда. Мыйзам долбоорунун автору Дооронбек Садырбаевдин пикиринде, мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу президенттик шайлоонун адилет өтүшүнө өбөлгө түзөт:

-Бул мыйзам долбоору он жылдан бери талаш-тартышка түшүп, өтпөй келет. Ал өтүп кетсе, эч кимге: депутаттарга жана президенттин милдетин аткаруучуга да өзгөчө артыкчылык берилбейт. Шайлоого алар бардыгы бирдей укукта катыша алышат. Тагыраак айтканда, губернатор, акимдер эч кимге жардам бербейт. Ошондой эле өкмөттүн машинасын, телефонун, тик учагын эч ким пайдалана албайт. Ошондо гана адилеттик болуп, шайлоо эркин өтөт. -дейт Дооронбек Садырбаев.

Белгилей кетүүчү нерсе, эгерде бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев шайлоого катышуу үчүн өз кызматын тапшырып бериши зарыл. Андай болсо, Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт башчылык кызматка убактылуу башка адамды шайлашат. Буга байланыштуу айрым саясатчылардын пикиринде мындай көрүнүш өлкөдө кайрадан саясий туруктуулуктун бузулушуна алып келиши ыктымал:

-Учурдагы кырдаал башка. Эгерде бизде президент кызматтан кетпей иштеп туруп, ал биринчи мөөнөтүн бүтүп кайра шайлоого катыша турган болсо гана аларга ушундай шарт түзүшүбүз керек. Ал эми учурда мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу өлкөдө саясий кырдаалды курчутат. Мен үчүн элдин тынчтыгы жогору турат,- дейт депутат Айдарбек Керимкулов.

Депутаттын жогорудагыдай пикирине «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын башчысы Эдил Байсалов буларды кошумчалады:

-Учурда өкмөт жетекчисин - өлкө башчысын кызматынан алып, президенттик шайлоого катыштыруу - балким жакшы демилге болуш керек. Ошондой болсо да, учурда мындай аракет күтүүсүз натыйжага алып келиши ыктымал. Анткени Бакиевдин ордуна ким шайланат? Папке талаш болуп кетпейби?. Ошондуктан, бул өз мезгилинде кырдаалдын курчушуна алып келиши толук ыктымал.

Депутат Темир Сариев Курманбек Бакиев кызмат ордун тапшырып берсе өлкөдө саясий кырдаал бузулбайт деген пикирде:

-Эч кандай саясий кырдаал бузулбайт. Анткени, президент боло турган дымагы жок адамды өкмөт башчы кылып кыска мөөнөткө шайлап турсак болот. Ал мыйзамга да каршы келбейт. Ал Жогорку Кеңештин алдында ант бергенде, «шайлоодо мыйзамдуулукту, теңдикти, ачыктыкты камсыз кылып берем» деп айтыш керек.

Ошентип Шайлоо кодексине жогорудагыдай өзгөртүү киргизүү коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратууда. Депутат Исхак Масалиев соңку он беш жылдан бери Аскар Акаев президенттик шайлоого өз кызмат ордун таштабай эле катышып келгендигин белгилеп, мындай мыйзам долбоору учурдагы президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге каршы жасалууда дейт:

-Бул мыйзам долбоору бүгүнкү өкмөт башчы Курманбек Бакиевге каршы жасалууда. Эгерде өлкөдө саясий туруктуулук болсун десек, мындай мыйзам долбоорун кабыл алыштын кереги жок.

Исхак Масалиев президенттикке талапкерлердин укугун башкача жол менен теңдөө жолун сунуштайт:

-Андан көрө президенттикке катышам деген талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүү керек. Маселен, тигил же бул талапкерлерге өкмөт тарабынан бардык шарттар көрүлсүн. Аларга машина берип, массалык маалымат каражаттарын колдонуусуна бирдей шарт түзүп берсин. Ошондо гана адилеттүүлүк болот.

Жогорку Кеңештин депутаттары 19-апрелдеги отурумунда палатанын ички уюштуруу иштерин журналистерди катыштырбай талкуулашты. Буга байланыштуу аталган мыйзам долбоору боюнча добуш берүү кийинкиге жылдырылды. Депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошобу же жокпу аны парламенттин кийинки отурумундагы талкуу ачыкка чыгармакчы.
XS
SM
MD
LG