Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:00

АКШнын Мамкатчысынын Москва сапарынын максаты


Бүгүн Москвада АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райстын эки күндүк иш сапары башталат . Райстын сапары президент Жорж Буштун визитин даярдоого багытталган. Буш Москвага 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун бүткөнүнүн 60 жылдыгына арналган салтанатка катышканы келет.

Эл аралык чексиз кабарчылар уюму Кондолиза Райсты Россия президенти Владимир Путин менен болчу кездешүүдө өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу коркунуч бар экенине көңүл бурууну өтүндү. Кайрылууда өткөн жылы россиялык 17 журналисттер уруп-токмоктолгону, үч журналист ишине байланыштуу опуза кылынганы айтылат.

XS
SM
MD
LG