Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

ИТАЛИЯ: Берлускони премьер-министрликтен кетпейт...


Италиянын премьер-министри Сильвио Берлускони өлкө президенти Карло Адзелио Чампи менен болгон кездешүүдөн кийин, өкмөт башчылыктан кетпесин билдирди. Кечээ эрте менен Берлускони премьерликтен убактылуу кетип, Чампиден жаңы өкмөттү түзүүгө мандат алуу ниети бар экенин маалымдаган.

Саясий кризис өткөн жума күнү төрт партиялуу курама өкмөткө кирген Христиан-демократтар коалициядан чыкканда башталды. Берлускони президент менен сүйлөшүүдөн чыгып, төрт министрдин остставкага кетүү өтүнүчүн канааттандырганын билдирди. Президенттин кеңсеси болсо Берлускониге парламентке барып, абалды түшүндүрүүгө буйрулганы да кабарланды.

XS
SM
MD
LG