Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

ДЕПУТАТ МЕНЕН СУДЬЯГА КИМ КОЛ КӨТӨРДҮ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек 18-апрелде Жогорку соттун алдында турган адамдар түштөнүүгө чыгып бараткан жеринен Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжановду сабап салышты. Андан кийин Жогорку сотко өз иштери менен барган депутат Тайырбек Сарпашевге да пикетчилер кол көтөрүшкөн.

Бүгүн эртең менен Жогорку Кеңештин депутаты Тайырбек Сарпашев ооруканага жатты. Жалпысынан акыбалы жакшы, болгону башы ооруп атканын билдирди ал «Азаттыкка». Депутаттын айтымында, 18-апрелде түш чендерде Жогорку сотко кирип бараткан жеринен ошол жерде турган пикетчилердин беш-алтоосу ага кол салган:

- Мен жанынан өтүп бараткам, анан аялдар «кармагыла, сабагыла» деди. Аялдар жулмалап, 6-7 жаш бала чаап киришти. Жанымда эки жигит бар болчу, ошолор калкалап, ошол жерде турган нарындык пикетчилер арачалап калды. Бирок андай деле оор жаракат алган жокмун. Болгону 300дөй адамдын көзүнчө парламент депутаты токмок жегени эле моралдык- этикалык жагынан оор болду.

Т.Сарпашев ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын айтымында, атаандашы Токтосун Мадияровдун жактоочулары токтогулдук үч бала кармалды.
Ошентип депутат Сарпашев бул окуяны атаандашы Токтосун Мадияров уюштурду деген ишенимде. Ал эми «Азамат-ойл» корпорациясынын президенти Токтосун Мадияров «Сарпашевдин кезектеги чагым салуу аракети» деп жооп берди.

Жогорку соттун алдында эки күндөн бери пикетте турган Токтосун Мадияровдун жактоочулары Тайырбек Сарпашевге таптакыр башка адамдар кол көтөрдү деп билдиришти.

Токтогул райондук соту Мадияровдун пайдасына чечим чыгарганда Сарпашевдин жактоочулары Ош-Бишкек жолун бууп салышкан. Ошондо айрым машинелердин айнектери сынып, жапа чеккендер болгон. Ал айдоочулардын туугандарынан Жогорку сот алдына келгендери бар. Токтогулдуктардын айтымында, дал ошол адамдар Сарпашевди сабашкан.
Мадияровдун айрым жактоочулары болсо депутатты башка талапкердин кишилери сабаган деген ойдо:

- Нарындык депутат Карганбек Самаков Сарпашевдин соту болуп атканда киши жалдап келип, ушул жерде тургузуп берип турган. Эми Самаковдун соту болуп атканда Сарпашев киши алып келип берип атат. Тайырбек ошолорго келиптир. Анан ошол жерден эле Самаковдун атаандашынын кишилери көрүп калды дагы, «Самаковго жан тарткан ушул» деп эле жулкулдатып киришти. Анан эле ызы- чуу болуп калган. Бир кезде карасак эле Сарпашев артын карабай качып баратыптыр.

18-апрелде Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжановду да пикетчилердин арасында турган 5-6 жигит сабаган. Эскерте кетели, судья Азимжанов Феликс Куловду актаган сот жараянына төрагалык кылган. Судья учурда ооруканада дарыланып жатат.
- Пикетчилер адатта судьяларга тийчү эмес. Түштөнөйүн деп чыгып бараткам. Пикетте турган эки жигит «Куловду актаган ушул, кармагыла» деп мага сөөмөй кезеп калды. Аңгыча мен машинеме жетип отуруп калгам. 7-8 жигит келип, мени машинемден сүйрөп түшүп, койгулап эле калышты. Мен түшүнбөй калдым. Менин шайлоонун чыр- чатактарына тиешем жок, жалаң кылмыштык иштерди карайм.

Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон, бирок азырынча шектүү делип эч ким кармалган жок. Жогорку соттун алдында эки күндөн бери 500дөн ашык адам пикетте турат. Алар Жогорку сотко кирип барганга аракет жасашып, арасында имаратты талкалайбыз, өрттөйбүз дегендери да бар.
Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов судьянын токмок жегенине тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, пикетте турган эл Жогорку соттун ишине тоскоолдук кылып атат:

- Имараттын босогосунда Улуттук гвардиянын эле аскерлери турат. Сырттагы элди көрүп атасыңар, ызы-чуусу ушуга чейин угулуп атат. Албетте, пикетчилер ишке тоскоолдук кылып жатат. Эгер мындай кырдаал күчөй берсе, Жогорку сот өз ишин токтотуп коюшу ыктымал.

Жогорку соттун алдындагы пикетчилер сот акыйкат чечим чыгармайын кетпейбиз деп билдиришти. Курманбек Осмоновдун айтымында, нааразылык чарасында турган элдин жаалы катуу жана судьялардын коопсуздугу үчүн эч ким жооп бере албайт.

XS
SM
MD
LG