Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Экс-президенттин балдыздары бошотулду


БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Санаткүл Жамакеева Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин статс- катчылык кызматынан берген арызына жараша бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан 19-апрелде кабарлашты. Жамакеева мурунку президент Аскар Акаевдин бир тууган балдызы жана агенттик түзүлөрү менен статс катчылыкка дайындалган. Акаевдердин дагы бир жакын тууганы Айгүл Кангелдиева Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчылык кызматынан бошотулду. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы 18-апрелде Курманбек Бакиевге кайрылуу жасаган. Анда агенттик коррупцияны ооздуктоо максатында түзүлгөн эле. Бирок мурунку бийлик бул кызматка жакындарын коюу менен аны коррупциянын уюугуна айланта баштаган. Ошондуктан Акаевдин жакын туугандарын статс-катчылык кызматтан алууну талап кылабыз, деп жазылган кайрылууда.

XS
SM
MD
LG