Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

БШК жыйыны өттү


БИШКЕК. 19-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйыны болду. Анда Жогорку Соттун чечимине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы №6-Асанбай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгын жеңүүчү деп Мелис Эшимкановду таап, Шарипа Садыбакасованы депутаттык мандатынан ажыратты. Ал эми №9-Курулуш шайлоо округунун эки участкасында 1-майда кайра добуш берүүнү уюштуруу тууралуу чечим кабыл алды. Курулуш шайлоо округу боюнча Кабай Карабаеков менен Ольга Безбородова ат салышкан. Борбордук шайлоо комиссиясы Безбородованы жеңүүчү деп атаган. Бирок Карабеков сотко кайрылган жана Жогорку Сот округдун эки участкасында кайра шайлоо өткөрүү чечимин чыгарган. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында Тоң жана Кочкор округдук шайлоо комиссияларын түзүү чечими да кабыл алынды. Бул округдарда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо 5-июнга белгиленген.

XS
SM
MD
LG