Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жарандык коом К.Осмоновдун иштен кетишин талап кылды


БИШКЕК. Кыргызстандын жарандык коому Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алууну парламентке сунуштайт. Мындай сунуш жарандык коомдун 19-апрелде башталган жалпы улуттук форумунда айтылды. Ушул эле күнү Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Кыргыз-Славян университетинин студенттери менен жолугушууда Жогорку сот менен БШК төрагалары кызматтан кетүүсү зарыл экендигин жана БШКнын тутуму кайра каралышы керектигин билдирди. Ал эми Жогорку соттун мүчөлөрү 18-апрелде Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдошту. Анда Жогорку соттун мүчөлөрү 10 жылдык мөөнөт менен шайланаарын жана аларды соттун ишине нааразы болгон адамдардын талабы менен эч ким кызматтан кетире албасын кабарлашты. Жогорку сот төрагасы Курманбек Осмонов Жогорку соттун имаратынын алдына келип, нааразылык акцияларын өткөргөн атуулдардын талабына байланышкан иштерди карабай коюшу мүмкүн экендигин 18-апрелде Улуттук телекөрсөтүү аркылуу билдирди. Анын айтымында, Жогорку соттун өкүлдөрү иштен кетсин деген талап менен өткөрүлүп жаткан пикет, митингдерди бирөөлөр атайылап уюштурушу толук мүмкүн.

XS
SM
MD
LG