Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

ООНдун баш катчысы Кытай менен Японияны өз ара сүйлөшүүлөргө чакырды


Кофи Аннан бул үчүн тараптарды бейшемби күнү Индонезияда ачылганы жаткан Азия-Африка саммитин пайдаланууну сунуш кылды. Кечээ Токио кытай бийликтеринен антияпониялык демонстрациялар үчүн кечирим суроону,ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылды. Кытай мындан баш тартты. Кытайдагы манифестацияларга тарых боюнча Японияда басылган окуулук себепкер болду,анда дүйнөлүк экинчи согуш маалында япон армиясынын Кытайдагы кыянатчылыктары жымсалданып көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG