Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Ливандын жаңы премьери өкмөт курамын түзүп бүттү


Нажиб Микати министрлердин кандидатураларын эми парламентке сунуш кылат, депутаттар өкмөттүн составын он күндүн ичинде бекитүүгө тийиш. Быйыл февралда экс-премьер Рафик Харири жол көбөөлүнө көмүлгөн бомбадан набыт болгон соң өлкөдө массалык демонстрациялар башталып, кабинет бийликтен кеткен эле. Ошондон бери Ливанда өкмөт дайындала элек болчу. Микати өткөн аптада премьерликке бекитилип, эки жума ичинде кабинет түзгөнгө сөз берген. Ливанда эмдиги айда парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG