Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

ТАШКЕНДЕ ЖАҢЫ СОТ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 18-апрелде Ташкенде жаңы сот башталды. Бул жолу жыйырма жаш жигит - былтыр март жана апрелде Ташкен менен Бухара шаарларында жана андан беш жыл мурда, 1999-жылы Ташкенде уюштурулган жардыруулар менен байланыштуу террорчулук жана экстремизмден күнөөлөнүүдө. Укук коргоочулардын пикиринде болсо, аларга коюлган күнөөнүн далили жетишсиз.

Соттолуп жаткандардын баарынын жашы жыйырманын тегерегинде, алардын бири аспирант, экинчиси мектепте мугалим болуп иштеген, көпчүлүгү болсо жаш ишкерлер. Алар өткөн жылдын сентябрында кармалган жана баары - былтыр март айынын аягында жана апрелдин башында Бухара менен Ташкен шаарларында болгон бир нече жардырууга тиешеси бар деп күнөөлөнүүдө. Ал жардыруулардан бардыгы болуп 47 адам набыт кеткен, бирок алардын көпчүлүгү - өзүн өзү жардыргандар болчу. Азыркы кармалгандардын баары Ташкендин Хамза чөлкөмүндө жашаган, алар бир мектепте окуган жана бир мечитке барчу.

Андан тышкары бул жаш жигиттерге - 1999-жылдын февралында Ташкен шаарында болгон жардыруу боюнча дагы күнөө коюлууда, анда 12 адам курман болгон. Күнөөлөнгөндөрдүн кээ бирлеринин адвокаты Фарида Рахимованын айтымында, коюлган күнөөгө далил таптакыр жетишсиз: "Бүгүнкү сот жыйыны учурунда күнөөлөнүп жаткандардын инсандык беделин түшүргөн көптөгөн сөз айтылды, андай сөздөр прокурордун оозунан дагы чыкты. Кармалгандар - мындан бир нече жыл мурда болгон окуялар үчүн күнөөлөнүүдө. Ташкендин Чорсу базарында 2004-жылдын мартында өзүн өзү жардырып жиберген аялга жардам көрсөткөн деп айтылууда. Андан тышкары, 1999-жылы Ташкенде болгон жардыруулар үчүн дагы күнөө коюлууда, бирок ал кезде бул жигиттер канча жашта болгонун эске алганда эле күнөө канчалык негизсиз экенин түшүнсө болот",- дейт Фарида Рахимова.

Укук коргоочулардын айтымында президент Ислам Каримовдун өкмөтү чыныгы күнөөлүүлөрдү издегендин ордуна, бийликтин саясатына төп келбеген пикир айткан, же өкмөт көзөмөлдөбөгөн мечиттерге барган тынч мусулмандарды кармайт. Азыр абактарда миңдеген күнөөсүз адам отурат. Маскөөдөгү "Мемориал" коомунун Борбор Азия боюнча долбоорунун деректири Виталий Пономаревдун айтымында, 18-апрелде Ташкенде башталган сот - башка көптөгөн жасалма сот жараяндарынын бири: "Бул сот башка жасалма соттордун бири, андай соттордун жаңы толкуну - былтыркы жарылуулардан кийин башталды. Менин ишенимимде, бул соттун дагы башкалардан эч айырмасы жок, диний эркиндик мында дагы одоно бузулууда. Көпчүлүк учурларда адамдардын жөн гана жолугуп-чогулганы аларга каршы кылмыш иштерин уюштурууга негиз берет", - дейт Виталий Пономарев.

Укук коргоочулардын пикиринде, өзбек өкмөтү өлкөдө өтө катуу тартип орнотуп, жарандык коомдун түзүлүшүнө бардык мүмкүн болгон чараларды көрүп жаткандыктан, андай саясат менен макул болбогон жаштар динге кайрылууда. Бирок андай жаштар өкмөттүн көзөмөлүндө эмес мечиттерге барып же деги эле өкмөттүк эмес кандайдыр бир жыйын өткөрсө, бийлик аларга каршы дароо аракет көрөт.

Былтыр жазында Ташкен менен Бухарада болгон жардыруулар менен байланыштуу күнөөлөнүп, мурда 52 адам узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Былтыр жайында болсо Ташкендеги АКШ менен Израил элчиликтеринин алдында жана Башкы прокуратуранын имаратында удаасы менен үч жардыруу болгон жана аны менен балйаныштуу дагы көптөгөн адам кармалып кесилген.

XS
SM
MD
LG