Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

ПИКЕТЧИЛЕР ЖОГОРКУ СОТКО ЧАБУУЛ ЖАСАШТЫ


Жогорку соттун алдында депутат болбой калган үч талапкердин - Шарипа Садыбакасованын, Токтосун Мадияровдун жана Турдубек Андашевдин жактоочулары нааразылык чарасын өткөрүшүүдө. Пикетчилер эртең менен Жогорку соттун төрагасынын эл алдына чыгышын талап кылышты.

Төрага Курманбек Осмонов имараттан чыккан жок. “Курманбек Осмонов кетсин” деп кыйкырган пикетчилер Жогорку соттун имаратына кирүү аракетин жасашты. Милиция кызматкерлери жана Улуттук гвардиянын аскерлери имаратты курчоого алып, пикетчилердин анын ичине киришине тоскоол болушту.

Ал эми Каракулжадан келген өзүнчө топ Жогорку соттун күнөөсү жок деп, Курманбек Осмоновду коргоп алабыз деп жүрүшөт. Ушул эле күнү пикетчилер арасында пикир келишпестик чыгып, өз ара кагылышуу да коркунучу пайда болду.

XS
SM
MD
LG