Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

20-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын жалпы улуттук форуму өттү. Анда резолюция кабыл алынып, авторитаризмди жоюу үчүн тез арада Конституциялык кеңешмени түзүү, президенттик шайлоонун акыйкат жана таза өткөрүлүшү үчүн Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүү, Борбордук шайлоо комиссиясын жаңылоо боюнча сунуш-талаптар айтылды. Форумга катышкан өкмөт башчысы, президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Конституцияны реформалоо быгытында сунуштарды күтүп жатканын билдирди.

Өкмөттүк эмес уюмдардын форумуна өлкөнүн булуң-бурчунан келген 800дөй адам, мамлекет жетекчилиги катышты. Форумду аны уюштуруучулардын бири Рая Кадырова ачты:

Биринчи жолу Кыргызстанда мына ушундай форум өткөрүү үчүн уруксат сурап, арыз жазган жокпуз. Бизге Бишкектин эң мыкты имараттары бөлүнүп берилди. Бул биздин алгачкы жеңишибиз. Аны сактап калуу үчүн биз биргелешип аракеттенишибиз керек.

Андан кийин сөз сүйлөгөн “Интербилим” уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаева бийлик бутактарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу жана авторитаризмдин кайра пайда болушуна жол бербөө максатында Конституциялык реформа жүргүзүү керектин айтып, Конституциялык кеңешменин форматы тууралуу аталган уюмдун сунушун ортого салды:

Биз 19-апрелдеги талкууда Конституциялык кеңешменин форматын тактап, сунуштадык. Кеңешменин курамына 12 субьекттен 12ден киши киргизүүнү туура деп таптык.

Жаштардын “Кел-кел” уюмунун өкүлү Бурул Усманалиева Акаевдин тушундагы жогорку кызматтагы кадрлар, өзгөчө Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Таштемир Айтбаев, Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов кызматтан кетип, ал эми Кыргыз телекөрсөтүүсү коомдук телекөрсөтүүгө айланышы керек деген оюн билдирди.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын президенти Эдил Байсалов 1990-жылдын башындагыдай катачылыкты кетирбей, бийлик системасын тең салмакташтыруу, чыныгы демократиялык коомду куруу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга үндөдү.

Өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн кийин расмий бийлик өкүлдөрүнө сөз берилди. Өз сөзүн Форумдун ишин кубаттоо менен баштаган президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Курманбек Бакиев Кыргызстанда чыныгы демократиялык коомду курууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн айтып, өкмөт экономикалык саясатты өзгөртөөрүн, коррупцияга каршы аеосуз күрөш жүргүзүлөөрүн билдирди. Бакиев өз сөзүндө мурунку президент Аскар Акаев жеке өзү коррупциянын булагы болгонун жана шайлоо учурунда да добуш сатып алуулардын башында турганын белгиледи:

Президент өзү шайлоочуларды сатып алууну, ар кандай бурмалоолорду уюштуруп, жетектеген. Ал аны өз кабинетинде, резиденциясында бала-чакасы, аялы, күйөө баласы менен бирге пландап жасаган. Аларга кеңешти Адил Тойгонбаев чакырган саясий технологдор берген. Муну 24-марттагы ыңкылаптан кийин табылган Акаевдин жеке архиви далилдеп турат.

Ал Конституциялык реформа жасоого сунуштарды күткөнүн, бирок бул иште шашуу туура эместигин, Конституцияны сапаттуу, калктын калың катмарынын катышуусу менен иштеп чыгуу керектигин билдирди. Маалымат тармагындагы саясатка токтолгон Бакиев Кыргыз телекөрсөтүүсүн коомдук телекөрсөтүүгө айлантууну, өкмөттүк гезиттердин эркин болушун жактаарын айтып, мамлекет үчүн өз чечимдерин, мыйзамдарды жарыялоосу үчүн бир гана гезит калса болоорун билдирди. Президенттик шайлоого байланыштуу Бакиев өлкөдө чыныгы шайлоону өткөрүүгө шарт түзүлгөнүн белгилеп, шайлоочулардын өз ара жана бийлик менен кагылышусуна жеткирбөөгө чакырык жасады.

Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова өз сөзүндө Конституциялык реформа маселесине токтолуп, мындай сунушун айтты:

Мен түшүнүп турам, Конституциялык реформаны президенттик шайлоого чейин жасоо мүмкүн эмесин. Бирок анын негизги өзөктөрүн аныктап, ага карата президентке талапкерлердин пикирин билүүбүз маанилүү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев парламентке ишеним аз экенин билерин, бирок Жогорку Кеңеш таратылса такыр бийлик болбой каларын айтты. Ал келечекте парламенттик шайлоону пропорционалдык негизде өткөрүү, президенттик шайлоого чейин Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатка ылайыктуу экендигин билдирди.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева болсо ыңкылаптан кийин кээ бир кадрлар өз ыктыяры менен кетүүгө тийиш экендигин белгилеп, эмне үчүн аларды президенттин милдетин аткаруучу колдон жетелеп чыгарыш керек деген суроо койду. Ал буга атуулдук коом да жардам берүү керек деген оюн айтты.

Атуулдук коомдун айрым өкүлдөрү парламентти таратуу, сот системасын жаңылоо сунуштарын айтышты.

20-апрелдеги жыйын соңунда резолюция кабыл алынды. Форумда айтылган сунуштардын негизинде атайын программа иштелип чыгып жарыяланмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG