Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

ТҮНДҮК-ТҮШТҮК МАСЕЛЕСИНЕ ЭТИЯТ МАМИЛЕ ЗАРЫЛ


Түндүк-түштүк маселеси өлкөдө чукул бийлик алмашуудан кийин пайда болгон олуттуу проблемалардын бири катары атала баштады. 24-марттан кийин алгачкылардан болуп маселенин оош-кыйыштарына жарандык коом кайрылды. Маселе 19-20-апрелде өткөн жалпы улуттук форумдун алгачкы күнүндө талкууланды.

Кыргызстанда «Түндүк-түштүк талаш-тартышы барбы же бул ойдон чыгарылганбы?» Бул суроону койгон талкуу проблеманын бир нече багыттарын атап, анын пайда болуу себептерин, чечүүнүн жолдорун белгиледи. Талкууда түндүк-түштүк проблемасы жок деген көз караштарга караганда, аны факт катары далилдөө аракетин кылгандар арбын болду. Мунун башкы себеби катары жарандык коомдун өкүлдөрү Кыргызстандын аталган аймактарында жашаган калктын социалдык-экономикалык абалынын бирдей эместиги, улуттук идеологиянын жоктугу, кадр саясатындагы одоно катачылыктар өңдүү жагдайларды аташты.

Түндүк-түштүк проблемасы курчуп турганына бекем ишенип, аны басаңдатуу үчүн социалдык айырмачылыктарды жоюу керек деп эсептегендердин бири - Өзгөн районундагы «Караханид» фондунун өкүлү Кожоназаров Абдыманап. Анын пикиринде, жер-жерлерде жетекчи кадрларды башка аймактардан алып барып коюу, түштүктүн социалдык жагдайын көңүл сыртында калтыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды өңчөй Бишкекке жана Чүй аймагына ыроолоо - бул проблеманы курчуткан себептердин бири болду:

- Жашоо деңгээли экономикалык жактан түндүктүкү жогору. Ошондуктан, кечээки тополоң ошол себептен түштүктөн чыкты деген жеке менин пикирим.

Ал эми Ысыккөл районундагы «Тамчы мөлтүр булагы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Жээнтаев Памирдин пикиринде бул проблема акыркы мезгилде бийлик бөлүштөн улам, айрыкча шайлоо өнөктүктөрүнө байланыштуу атайы козголуп жатат:

- Түндүк жактагылар мени коюп койсо экен, түштүк жактагылар мени коюп койсо экен деп атайы даярдалган нерсе. Бул жөнөкөй калк үчүн зыяны көбүрөөк пайдасына караганда. Бизде бир гана проблема болушу мүмкүн: таза киши же жегич киши деген. Башка дагы бир жагын карап көрүшүбүз керек: кесипкөйлүк. Элге каршы иштеген киши, эл үчүн иштеген киши.

Улуттук форумдун жалпы жыйынында бул маселеге саясатчы жана коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев да кайрылып, мындай деди:

- Азыр түштүк-түндүк деген өтө бир жаман сөздөрдү айтып атат. Сасыган саясатчылардын чыгарган сөзү бул. Менин Кыргызстанымдын калайык калкында, кыргыздарымдын, жөнөкөй элдин көбүнүн арасында андай сөз жок.

Эл ичинде түндүк-түштүк маселесин атайылап козуткандар болуп жатканына Алабука районундагы «Акбермет» коомунун жетекчиси Ырыс Ташболотова тынчсызданды:

- Оң көзүм түндүк болсо, сол көзүм түштүк. Бирин чукуп салса жакшы болобу. Оң колум түндүк болсо, сол колум түштүк. Денебизди айрып койсо кандай жашайбыз.

Ал эми коомдук жана саясий ишмер Ишенбай Абдыразаков түндүк-түштүк маселеси жер шартына байланыштуу илгертен жашап келаткан кадырэсе көрүнүш дейт. Бирок, кооптуу жагы - акыркы учурлардагы саясий окуялар бул маселенин күчөшүнө өбөлгө түзүп койду. Саясатчылардын жеке кызыкчылыктарды көздөгөн аракеттери элге жаңырык болуп барып, сиңип кетип атат. Абдыразаковдун айтымында, түндүк-түштүк маселеси күчөп кетсе, улуттун бүтүндүгүнө доо кетип калышы толук ыктымал. Буга жол бербөөнүн чарасын талдоочу улуттук биримдикти шарттаган саясаттан, элдин социалдык-экономикалык абалын оңдоодон көрөт:

- Кыргызга улут катары аң-сезимин, биримдигин айтып, көрсөтүп бере турган үгүт, маалымдоо жагын күчөтүш керек. Мисалы, бизде түштүктө көп жерлерде радио,телекөрсөтүүлөр жетпейт. Китеп жок. Керек болсо мектептерде окуу китептери тартыш.

Ишенбай Абдыразаковдун пикиринде түндүк-түштүк маселеси – бул факт. Эгер кесипкөйлүк артта калып, жердешчилик башкы орунга чыгып кетсе, бул өлкөдө дестабилдүүлүктү шарттайт. Ошондуктан, психологиялык, саясий жагдайларды эске алып туруп, айрыкча президенттик шайлоонун алдында бул маселеде кимде-ким өтө этият болушу зарыл дейт.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG