Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

КУЛОВ МЕНЕН БАКИЕВДИН ОРТОСУНДА КАНДАЙ ПИКИР КЕЛИШПӨӨЧҮЛҮКТӨР БАР?


Бакыт Аманбаев Байкоочулардын баамында президенттик шайлоодо негизги таймаш эки талапкердин, тагыраак айтканда, Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун ортосунда болушу ыктымал. Буга байланыштуу көпчүлүк бейөкмөт жана саясий партия өкүлдөрү шайлоону тынч өткөрүп, добуш берүүдөн кийин элдик толкундоолорду болтурбоо максатында жогоруда аттары аталган саясатчыларды сүйлөшүүгө жана өз ара орток пикирге келүүгө чакырышууда. Президенттик шайлоого чейин Кулов менен Бакиев бир пикирге келишеби, учурда алардын ортосунда кандай пикир келишпөөчүлүктөр бар?

Президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Курманбек Бакиев өзүнүн президенттик шайлоого талапкер катары катыша тургандыгын мындан бир нече жыл илгери эле ачык жарыялаган. Ал эми «Арнамыс» партиясынын башчысы Феликс Кулов азырынча өзүнүн президенттик шайлоого катышар-катышпасын Курманбек Бакиев менен сүйлөшкөндөн кийин айтаарын маалымдады. Ошол эле мезгилде соңку убакта айрым саясий партия, бейөкмөт уюм өкүлдөрү президенттик шайлоодон кийин элдик толкундоолорду болтурбоо максатында Кулов менен Бакиевди өз ара сүйлөшүүгө үндөшүүдө. Ал эми «Кылымшамы» бейөкмөт уюм башчысы Азиза Абдрасулова болсо жогорудагы эки саясатчы элди бөлүп-жарбаш үчүн шайлоого чейин өз ара биригүүгө милдеттүү дейт:

-Учурда эки саясатчы ушундай кадамга барууга милдеттүү болуп турушат. Анткени бул элдин талабы жана өтүнүчү. Ошентип Кыргызстандагы шайлоонун тынч өтүшү, өлкөнүн тынчтыгы ал экөөнүн колунда турат. Эгерде алар биригишсе, элге жакшы, жеңил болот эле. Эл бөлүнбөйт болчу.

Ушундан улам коомчулукта Кулов менен Бакиев биригишеби, алар канткенде бир пикирге келишет, алардын ортосунда кандай пикир келишпөөчүлүктөр бар деген суроолор жаралууда. Ички иштер министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев аттары аталган саясатчылар шайлоого чейин өз ара бир пикирге келишсе, шайлоо тынч өтөт эле дейт:

-Шайлоого чейин бири президент, бири өкмөт башчы болобуз деп сүйлөшүп алышса жакшы болмок. Ошондой эле алар шайлоого чейин өз кызматтарын өткөрүп беришип анан шайлоого чыгышса жакшы болмок. Ошондо гана шайлоо тынч өтмөк. Чыр чыкмак эмес.

Ал эми жаш саясат таануучу Марат Казакбаевдин оюнда Феликс Кулов менен Курманбек Бакиевдин ортосунда карама-каршылык жок, бирок айрым бир маселер боюнча пикир келишпөөчүлүктөр бар:

- Пикир келишпөөчүлүк биринчиден Аскар Акаевге байланыштуу болду. Бакиев жана анын тарапкерлери Аскар Акаевди импичмент жарыялап кызматтан кетирип, Акаевге экс-президентке берилүүчү кол тийбестик укугун бербөөнү талап кылышты. Ал эми мындай сунушка Кулов, Жогорку Кеңеш төрагасы жана мурдагы бийликти колдогондор макул болушпай Акаевдин маселесин мыйзам чегинде чечүүнү жакташты. Мындан сырткары соңку мезгилдери Куловдун тегерегине Аскар Акаевдин жакын адамдары топтолушуп, алар Куловду президенттик шайлоодо колдойбуз деп ачык жарыялашууда. Ошондой эле Кулов менен Бакиевдин командаларынын ортосунда кыргыз тилинин орду боюнча да пикир келишпөөчүлүктөр орун алууда.

Саясат таануучу Марат Казакбаевдин жогорудагыдай пикирине «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев макул эмес. Анын айтымында Кулов менен Бакиевдин ортосунда пикир келишпөөчүлүктөр жок жана Кулов бир-эки күндүн ичинде өзүнүн президенттик шайлоого катышаар- катышпасын коомчулукка ачык жарыялайт:

-Алардын арасында эч кандай пикир келишпөөчүлүк жок. Алар тажрыйбасы бар, элге таанылган саясатчылар. Алар өлкө кызыкчылыгы үчүн сүйлөш

XS
SM
MD
LG