Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Баткен облусунун Аксай айыл өкмөтүнө тиешелүү жерлерди Тажикистандын атуулдары өз алдынча ээлеп алууга аракеттерди жасоодо


БАТКЕН. Соңку күңдөрдө облус бийлигине аталган айыл өкмөттүн тургундарын тажик атуулдары Кыргызстанга тиешелүү жерлерди ээлеп алууга аракет жасап жатканы тууралуу арыз-даттануулар көбөйүүдө. 20-апрелде Аксай айыл өкмөтүнүн жетекчилиги да облус губернаторуна ушул маселе боюнча кат жолдоду. Анда Чекдөбө деген жерди кошуна Тажикстандын Чаркө айылынын жашоочулары өз алдынча өздөштүрүү аракетин көрүп жатканы, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында барган айыл өкмөт башчысын тажик атуулдары оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кол көтөрүүгө аракет жасаганы белгиленген. Ошондой эле кыргыз-тажик чегиндеги бул аймакта улуттар аралык чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу туулганы эскертилип, облус жетекчисинен маселени тез арада жөнгө салуу суралган. Учурда облус бийлиги бул маселени иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Мындай маалымат облустук акимчиликтен шаршемби күнү алынды.

XS
SM
MD
LG