Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Укук коргоочу Рамазан Дырылдаев Конституциялык соттун төрайымын кызматтан кетирүүнү сунуштады


БИШКЕК. 20-апрелде Жарандык коомдун жалпы улуттук форумунда Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова экс-президент Аскар Акаев укук коргоочу Рамазан Дырылдаевди куугунтуктабаганын, анын чет мамлекетке кетип калуусуна эч кандай саясий негиз жок экендигин билдирди. Анын айтымында, Дырылдаевдин чет мамлекетке кетип калуусуна өзү менен мурда иштешкен Елисеев менен байланыштуу соттук териштирүү себеп болгон. Ал эми Рамазан Дырылдаев Чолпон Баекованын мындай маалыматын четке какты. Ал Аскар Акаевдин бийлигинин кысым көрсөтүүсүнүн негизинде чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болгонун, Венада Акаевдин режимине каршы күрөшүп келгенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, буга чейин баш мыйзамдын өзгөртүлүшүнө Чолпон Баекованын түздөн-түз тиешеси бар. “Ошондуктан Баекова да отставкага кетүүсү керек”,-деди Рамазан Дырылдаев.

XS
SM
MD
LG