Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Курманбек Бакиев коррупциянын башында Аскар Акаев турган деди


БИШКЕК. 20-апрель күнү президенттин милдеттерин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиев Бишкекте өткөн атуулдук коомдун жалпы форумунда «Аскар Акаев өзү жакшы болгон, анын айлана чөйрөсү жаман болгон» деген жомок чындыкка жатпай тургандыгын мурдагы президентке тиешелүү архивден табылган материалдар айгинелеп, Акаевдин режиминин жүзүн көрсөттү деп билдирди. Анын маалыматына караганда, Аскар Акаев жеке өзү коррупциялык иштердин башында туруп, парламенттик шайлоону каржылоо жана аны бурмалоо иштерин жетектеген. Экс-президент үй-бүлө мүчөлөрү, күйөө баласы Адил Тойгонбаев чакырган саясий технологдор менен президенттин кабинетинде, президенттин резиденциясында чогулуп, алар тарабынан ар кандай ыплас провокациялар пландаштырылып, ишке ашырылган деп кошумчалады премьер-министр. 24-марттагы ыңклаптан кийин экс-президенттин кабинетинен парламенттик шайлоодо бийликке ыктаган талапкерлерди парламентке өткөрүүгө каржы бөлүштүрүү каралган документтер табылган.

XS
SM
MD
LG