Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Бишкектин жаңы мэри дайындалды


БИШКЕК. 20-апрелде президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Бишкектин активине шаар башчысынын милдетин аткаруучу менен тааныштырды. Ага ылайык эми мындан ары Бишкекти буга чейин Нарындын губернатору, кийин депутат болуп иштеп келген Аскар Салымбеков башкармакчы. Бишкектин мурдагы мэри Медетбек Керимкулов биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал эми Унаа жана байланыш министринин милдетин аткаруучу болуп Ишенбай Кадырбеков калды.
Ал эми Кыргызстандын Россиядагы ыйгарым укуктуу элчиси жана Азербайжан, Армения, Грузия республикаларында да элчилик кылган Кемелбек Нанаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна экс-премьер-министр Апаз Жумагуловдун дайындалышы күтүлүүдө.
Ушул эле күнү Бакиевдин жарлыгы менен Австриядагы Кыргызстандын атайын ыйгарым укуктуу элчиси жана Кыргызстандын Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюумунун туруктуу өкүлү Зейнеп Шаймергенова кызматынан бошотулду.Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG