Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

Жарандык коомдун жалпы улуттук форуму резолюция кабыл алды


БИШКЕК. 20-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда “Жарандык коомдун жалпы улуттук форуму” ишин улантты. Ага президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев, Жогорку Кеңештин спикери Өмүрбек Текебаев катышты. Форумда өлкөнүн учурдагы абалы талкууланып, резолюция кабыл алынды. Резолюцияда Аскар Акаевдин авторитардык бийлиги сынга алынып, анын заманы тушунда мыйзам бузууларга жол берилгендиги, адам укуктары тебеленгени, элдин жакыр жашоо-турмушу, киреше берүүчү булактарды Акаевдин жакындарынын көзөмөлдөп, ээлеп алганы, парламенттик шайлоонун ыпылас өтүшү элдик төңкөрүштүн чыгышына себеп болгондугу айтылат. Ошондой эле мурдакы бийликтин кетирген каталарына жол бербөө, Башмыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында Конституциялык кеңешти тез аранын ичинде түзүп, чакыруу сунушталган. Резолюцияда жер-жерге бөлүнүүнү жок кылуу, мындай көрүнүшкө, өзгөчө кадр саясатында жол бербөө, Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кызматтан кетирүү, Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын жаңыртуу каралган.

XS
SM
MD
LG