Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Россиянын Саратов областында асылып өлгөн төрт солдат табылды


МОСКВА.Россиянын Саратов областында асылып өлгөн төрт аскердик курсанттын сөөктөрү табылды. Өлкөнүн Аскер Аба флотунун өкүлүнүн айтымында, төртөө тең Сызрандагы аскер аба окуу жайында окуп жаткан курсанттар болгон. Өз кабарчыбыздын маалыматына караганда, кечээ төртөө тең аскердик прокуратурага чакырылып, зордуктоо окуясы боюнча суракка алынган. Курсанттар быйыл жазында окуусун бүтүшмөк. Иликтөөчүлөр аларды бирөөлөр өлтүрүп, "өздөрү өлгөн" кылып, деп атайылап асып кетишкен деп божомолдоп жатышат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG