Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

Ватиканда Рим Католик чиркөөсүнүн жаңы шайланган папасы Бенедикт 16чы алгачкы диний жөрөлгөнү өткөрдү


ВАТИКАН. Рим Католик чиркөөсүнүн жаңы папасы болуп шайланган Бенедикт 16-башка диндер менен диалог жүргүзүүгө ниеттүү экенин билдирди. Бул жөнүндө Папа бүгүн Ватикандын Систин Капелласында өткөргөн алгачкы салтанаттуу диний мессасында айтты. Папа баш-аягы бир миллиард адамды камтыган Рим Католик чиркөөсүнүн башчысы. Ал эми католиктер дүйнөдөгү христиандардын теңин гана түзөт. Папанын сөзү христиан динаятчылары менен дүйнө лидерлиринде бир кылка эмес пикирлерди жаратты. Россиянын ортодокс чиркөөсүнүн башчысы Патриарх Алексий Экинчи папа кылымдардан бери жиктелип келаткан католик жана православ чиркөөлөрүнүн ортосуна көпүрөө салаарынан үмүт кылып турганын айтып, христиан дининин бул эки агымы диний асыл-нарктарды жайылтуу үчүн аракеттерин бириктирүүсү зарыл деп айтты. Германиянын канцлери Герхард Шрөдер: Бул биздин өлкө үчүн абдан чоң урмат. Жаңы папа Бенедикт 16- дүйнө чиркөөсүн эң жакшы билген, аты чыккан теолог. Папа Бенедикт 16-Папа Иоанн Павел Экинчинин жолун жолдоого татыктуу инсан,-деди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG