Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

АКШнын тышкы иштер министри Россиянын президенти менен жолугушту


МОСКВА. АКШнын тышкы иштер министри Кондолиза Райс бүгүн Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Путин: Биз эки тараптын орток кызыкчылыгындагы бир катар маселелерди талкуулап, документтерге кол койдук. Албетте биз президент Жорж Буштун жеңиштин 60-жылдыгына арналган салтанаттарга келүүсүн күтөбүз,- деди Путин. Райс бүгүн Эхо Москвы радиосуна берген интервьюсунда Вашингтон менен Москванын ортосундагы диалогдо Россиядагы демократиялаштыруу процесстеринин маанилүү ролго ээ экенин белгилеген.
Бул АКШнын тышкы иштер мекеме жетекчисинин Россияга жасап жаткан алгачкы сапары. Анын максаты - президент Жорж Буштун Москвага боло турган визитине даярдык көрүү. Буш Улуу Ата Мекендик Согуштагы жеңиштин 60-жылдык мааракесине байланышкан салтанатка катышмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG