Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

АКШнын МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ МОСКВАДА БОЛДУ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс шаршембиде Москвада президент Владимир Путин баш болгон орус бийликтери менен сүйлөшүү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдө башка маселелер менен катар Орусиядагы массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндө да кеп болду. Кондолиза Райс бул жаатта Орусиянын дарегине сын-пикирлерди айтты.

Бул Кондолиза Райстын АКШнын Мамлекеттик катчысы катары Орусиядагы алгачкы сапары болду. Анын бир максатты АКШнын президенти Жорж Буштун нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин алтымыш жылдыгына байланышкан салтанаттарга катышуусу үчүн Москвага келүүсүн даярдоо эле. Кремлдеги сүйлөшүүлөрдөн соң орус президенти Владимир Путин анын жыйынтыктары жөнүндө буларды маалымдады:

- Биз эки тараптуу жана эл аралык мамилелердин бир катар олуттуу маселелери боюнча пикир гана алышпастан АКШ менен Орусиянын ортосундагы маанилүү документтерге кол койдук. Анан албетте биз АКШнын президенти Жорж Буштун Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын алтымыш жылдыгын майрамдоого келишин күтөбүз.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын Мамлекеттик катчысы Орусияда маалымат каражаттарынын эркиндиги жөнүндөгү маселени да көтөрөрү анын иш сапарына чейин белгилүү болгон. Кондолиза Райс Москвага келер алдында Орусиянын маалымат каражаттары чөйрөсүндө түзүлгөн кырдаалды "өтө кооптондурарлык" деп мүнөздөгөн эле. Ал эми Орусия башкалаасына келген соң "Эхо Москвы" радиосуна берген интервьюсунда Орусиядагы демократия, сөз эркиндиги боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

- Биз Орусия өз жолун таап жатканын түшүнөбүз жана муну урматтайбыз. Биз айтып жаткандардын баары АКШ менен Орусиянын мамилеси чындап тереңдеши үчүн. Орусия өзүнүн толук потенциалын алыш үчүн бул жерде демократиялык өнүгүү болушу керек. Бийлик президентте гана мынчалык көп топтолбошу абзел. Бул жерде көз карандысыз маалымат каражаттары зарыл.

Ушул эле маселеге Кондолиза Райс шаршембиде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолуккандан кийинки маалымат жыйынында мындайча токтолду:

- Биз көз карандысыз маалымат каражаттары, маалымат каражаттарынын каалаган нерселерин ачык, сынчыл маанайда сөз кылуу жөндөмдүүлүгү жана даярдыгы жөнүндөгү талкууну улантып жатабыз. Кошмо Штаттар Орусиядагы көз карандысыз маалымат каражаттарынын ролу жана мүмкүнчүлүгүнө тынчызданган жалгыз гана өлкө эмес.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйынында АКШ Мамлекеттик катчысынын айткандарына мындайча жооп кайтарды:

- Биз мурда эле бир нече жолу айтып келгендей, АКШ же башка өнөктөштөр болобу, сүйлөшүүлөрдө жабык тема жок. Эгер алар бир нерседен тынчызданышса, биз конкреттүү окуялар боюнча чыгышы мүмкүн болгон конкреттүү проблемаларды талкуулоого даярбыз. Биз ошондой эле Орусияда басма сөз эркиндиги жок деген жалпы тынчызданууларды талкуулоо кыйын экенин белгиледик. Бизге конкреттүү мисалдар керек.

Сергей Лавровдун кабарчыларга билдиргенине караганда, Кондолиза Райс менен президент Владимир Путиндин жолугушуусунда Кыргызстандагы, Абхазиядагы кырдаал жөнүндө да сөз болгон.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө ошондой эле өзөктүк заттар менен куралдарды көзөмөлдөө маселеси да талкууланган. "Эхо Москвы" радиосуна берген интервьюсунда Кондолиза Райс Орусиянын бул жааттагы аракеттерин, атап айтканда Иран менен бул өлкөнүн Бушер атомдук электростанциясында иштетилген өзөктүк отунду кайра кайтарып алуу боюнча келишим түзүүсүн кубаттады. Ал эми Кондолиза Райс менен орус коргоо министри Сергей Ивановдун кездешүүсүндө Орусиянын өзүнүн өзөктүк жайларына инспекция жүргүзүү маселеси каралган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG