Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму Түркмөнстанды сынга алууда


Түркмөнстанга келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Димитрий Рупел кечээ күнү өлкөдөгү саясий абал тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, өлкө президенти Сапармурад Ниязов 2009-жылы кызматтан кете турганын билдиргени менен, 2008-жылга белгиленген парламенттик жана 2009-жылы өтө турган президенттик шайлоого өлкөдө эч кандай даярдыктар баштала элек. Андан тышкары Рупел - өлкөнүн өкмөттүк эмес тармагын өнүктүрүүгө түркмөн жетекчилиги азыртан чара көрүүгө тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG