Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтер үчүн толук шарттар түзүлөт


КАРАКОЛ. Мындай маалыматты республиканын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Ысыккөл облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эсенгул Өмүралиев жергиликтүү журналисттер менен жолугушкан учурунда билдирди. Өмүралиевдин айтымында, 24-марттан кийинки өлкөдө түзүлгөн саясий кырдаал Ысыккөлгө чет өлкөлүк эс алуучулардын санын кескин кыскартышы мүмкүн. Бирок ушул тапта Орусиянын, Казакстандын туристтик департаменттери менен облустун аймагындагы ден-соолук чыңдоочу курорттук эс алуучу жайлардын ортосунда түзүлгөн келишимдер тууралуу кайрадан сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада Казакстанга чакан топтун барышы күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG