Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:47

Баткен облусунун бийлиги Өзбекстандын Фергана облус жетекчилигине кат жолдоду


БАТКЕН. Анда Кадамжай районунун Ноогардын айылына чектеш аймактарда жашаган өзбек атуулдары чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Кыргызстан аймагында мал багуусун токтотпой жатканы, жайылган мал жергиликтүү калктын өздөштүргөн жерлерине чейин түшүп кеткендиктен эки өлкө атуулдары ортосунда чыр чыгып кетүү коркунучу мүмкүндүгү эскертилет. Мындан сырткары өткөн жылы бул нерсени тыюуга аракет жасаган кыргыз чекарачылары өзбек атуулдарынын ташбутасына кабылганы, Өзбекстандын чек ара жана укук коргоо кызматкерлери тарабынан болуп кетиши мүмкүн болгон чыр-чатактарын алдын-алуу чаралары көрүлбөй жатканы, өзбек атуулдары Кыргызстан аймагынан күнүнө 150 тоннага жакын акиташ тектерин ташып кетип жатышы жергиликтүү элдин нааразылыгын туудуруп жатканы белгиленген. Каттын соңунда Фергана облус жетекчилигинен өзбек атуулдарынын мындай мыйзамсыз аракеттерин тез арада токтотууга чара көрүү суралган. Бул тууралуу маалымат облустук акимчиликтен 21-апрелде алынды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG