Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Кыргызстандагы саясий кырдаал дүйнө өлкө жетекчилери тарабынан талкууланууда


БИШКЕК. «НАТО келечекте чыгыш өлкөлөрүнө анын ичинде Гурузия жана Кыргызстанга өз таасирин күчөтөт». Мындай пикирин АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Литвага болгон иш сапар соңунда билдирди. Кыргызстандагы соңку саясий кырдаал Кондолиза Райс менен Орусия президенти Владимир Путиндин 20-апрелде Москвадагы жолугушуу учурунда талкууланды. Оурсиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун журналистерге берген маалыматына караганда, Москвадагы жолугушуу учурунда Кыргызстандагы саясий кырдаалды турукташтыруу жана президенттик шайлоону мыйзам чегинде өткөрүү тууралуу ойлор айтылды. Мындай маалыматты 21-апрелде эл аралык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG