Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Жеңишбек Назаралиев президенттик шайлоого барат


БИШКЕК. Дарыгер Жеңишбек Назаралиев 10-июлда өтө турган президенттик шайлоого өзүнүн талапкердигин коет. Мындай маалымат дарыгердин ишенимдүү адамынан алынды. Жеңишбек Назаралиев өзүнүн мындай чечимин Кыргызстанда март ыңкылабынын идеалы болгудай белдүү саясатчынын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Маалымат каражаттарына берген интервьюларында Назаралиев Курманбек Бакиев менен Феликс Куловду Акаевдин айланасынан пайда болгон алсыз саясатчылар катары карайт. Назаралиев ошондой эле «Жаңы Кыргызстан» деген коомдук-саясий кыймыл түзөөрүн билдирди. Буга чейин президенттик шайлоого барарын Курманбек Бакиев, Алмаз Атамбаев, Нурбек Турдукулов, Темирбек Акматалиев, Жаныш Рустембеков билдиришкен.

XS
SM
MD
LG