Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

Шайлоочулар Жогорку Сотто нааразылык чараларын улантты


БИШКЕК. №59 Чүй, №21 Токтогул жана №6 Асанбай шайлоо округдарынан жоон топ шайлоочу 21-апрелде Жогорку Соттун имаратынын алдында нааразылык иш чарасын улантты. Шайлоочулар талапкерлер Токтосун Мадияровго, Туратбек Андашевге байланыштуу ишти кароодо Жогорку Сот алардын атаандаштары Тайырбек Сарпашев менен Айдар Керимкуловдун кызыкчылыгын көздөдү деп, ишти кайра кароону талап кылышты. Ал эми № 6 Асанбай шайлоо округунун шайлоочулары Шарипа Садыбакасованын мандатын кайра кайтарып берүү талабын коюшту. Жогорку Сот депутаттык мандатты 18-апрелде бул округдан экинчи талапкер Мелис Эшимкановдун кызыкчылыгына чечип берген. Шайлоочулардын даттануулары учурда Жогорку Сот төрагасынын орун басары Жеңишбек Досматовдун жетегинде каралып жатат. Мыйзам боюнча жаңы жагдай түзүлгөн шартта аталган иштерди Жогорку Сот коллегиясы кайра кароого укук алат.

XS
SM
MD
LG